Перейти на новый сайт

MegaCom авангарддык киного чакырат


MegaCom авангарддык киного чакырат

«MеgaCom менен автордук кино» долбоору Кыргызстанда «артхаус» стилиндеги интеллектуалдуу кинонун алдыга жылуусун колдоого алууда.

«MеgaCom менен автордук кино» долбоорунун алкагында дүйнө киностудияларынын белгилүү режиссерлорунун таанымал кинотасмалары ар бир шаршемби күнү саат 19.00гө Bizon барына ар кандай көз караштагы жана ар түрдүү жаштагы адамдарды чогултат. Артхаус-фильмдер жалпы кабыл алынган чектен чыгып турган кескин режиссердук көз караш, философиялык маңыз жана тасмага түшүрүү техникасы менен айырмаланып турат. Алар кеңири аудитория үчүн каралган эмес жана искусствону кылдат баалоочулар үчүн каралган.

2009-жылдын октябрь айында башат алуу менен «артхаус» долбоору тасма сүйүүчүлөрдү дүйнө кинематографиясынын мэтрлери: Бернардо Бертолуччи, Ким Ки Дука, Джима Джармуша, Эмира Кустурицы, Микеланжело Антониони, Франсуа Озона жана көптөгөн башка режиссерлордун  тасмаларын ар апта сайын көрүүгө чогултуп келет.

«Мындай долбоорду түзүү демилгеси мурда эле жаралган, жаңы ишке киришип жаткан режиссерлор стандарттык эмес тасмаларды өздөрү тандап, алып келип турушкан. MegaCom компаниясынын жардамы менен бул демилгени ишке ашырууга мүмкүн болду!», - дейт, болдоордун арт-директору Чинара Аблабек.

MegaCom компаниясы бардык кино сүйүүчүлөрдү 17-февраль шаршемби күнү саат 19.00гө Bizon барына, кезектеги «Токио» тасмасын көрүүгө чакырат. Бул «Башка кино» стилин колдоочу үч адамдын: Мишеля Гондри, Лео Каракаса жана корей режиссеру Чжун Хо-Бонанын биргелешкен долбоору. Режиссердук үчилтик кинотасмада мегаполистин проблемаларын, анын озгон арымдарда өсүү ыргактарын  жана адам мүнөзүнүн ар түрдүүлүгүн чагылдырган. Тасмада, элдин тыгыз жайгашуусу менен шартталган шаардагы адамдын жалгыздыгы ыргагында үч окуя бириктирилген. Тасмадан кийин көрүүчүлөргө тартынбастан тасманы талкууга алып, өз көз караштары менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берилет.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы