Перейти на новый сайт

Жайы тейлөө борборунун юбилейдик кубанычтары

 


Жайы тейлөө борборунун юбилейдик кубанычтары

«Beta Stores-2» соода борборунда бир айдан ашыгыраак мезгил аралыгында ишин жүзөгө ашырып жаткан MegaCom компаниясынын Тейлөө борбору өзүнүн үч миңинчи кардарын тозуп алды.

MegaCom компаниясынын эстеликке белектерди алган, үч миңинчи бактылуу абонент «Хит» тарифин колдонуп келе жаткан, 22 жаштагы Туменбаев Алмаз.

«Күтүүсүз белек болду, чоң рахмат. Мен эки жылдан бери MegaCom компаниясынын абоненти болуп келе жатам, мага жагымдуу баалары жана мыкты байланышы жагат. Биз апам экөөбүз биринчи жолу дал ушул тейлөө борборуна кирдик эле, эми дал ушул жерге гана келип турам – бул жер, бактылуу жер», - деп кубанычын бөлүштү Алмаз.

«Beta Stores-2» соода борборунда орун алган MegaCom компаниясынын көп тармактуу жаңы Тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүлөрдүн толук чөйрөсүн сунуш кылат. Бул жерде бардык тарифтик пландарга кошулуп, балансты толуктоого болот, ал эми квалификациялуу адистер консультацияларды берүү менен бардык маселелерди чечкенге көмөк көрсөтүшөт.

«Beta Stores-2» тейлөө борбору февраль айынын акырына чейин балансын 200 сомго толуктаган MegaCom компаниясынын ар бир абонентине эстелик белектерди тартуулай тургандыгын билдирет! Юнусалиев көчөсү 177/2 дареги боюнча жайгашкан «Beta Stores-2» соода комплексинин биринчи кабатына кош келиңиздер.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы