Перейти на новый сайт

MegaCom: ISO сертификаты 9001:2008 – сапаттын мыкты кепили

 

MegaCom: ISO сертификаты 9001:2008 – сапаттын мыкты кепили


MegaCom компаниясы («Альфа Телеком» Жабык акционердик коому) – менеджмент сапаты системасы сертификациялоодон ийгиликтүү өткөн жана  2008-жылдын жаңы версиядагы ISO 9001 эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн далилдеген Кыргызстандагы алгачкы уюлдук оператор. 

Дүйнө жүзү боюнча менеджмент сапаты системасы 20 жылдан ашык убакыттан бери абройго ээ болуп келе жаткандыгына карабастан, Кыргызстанда бул стандарттарга бирден-бир гана уюмдар ээ. «Мындай документти алууга умтулуу компаниянын статусунун жогору экендигин, кесипкөйлүгүн жана жетекчилердин социалдык жактан жоопкерчиликтерин далилдеп турат, - деп билдирди «Кыргызстандарт» мекемесинин менеджмент сапатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Динара Айтмурзаева.

MegaCom компаниясынын менеджмент сапатын системасына шайкеш келүүсү Россиядагы сертификациялоо боюнча бирден-бир компетенттүү орган, көз карандысыз «Евро-Регистр» компаниясы тарабынан тастыкталды.

«Абоненттер, өнөктөштөр, инвесторлор мындай сертификатка ээ болгон компания, көз карандысыз эксперттер тарабынан далилденген сапатка кепилдик бере тургандыгын дароо түшүнө билишкендиги маанилүү, - деп баса белгиледи MegaComкомпаниясынын башкы директору Андрей Силич.

Телекоммуникациялык компаниянын ийгиликтүү иш алып баруусунун негизги далилинен болуп, абоненттик базанын өсүшү саналат. Өтө кыска убакыттын ичинде – төрт жылга жетпеген мезгил аралыгында MegaCom компаниясынын абоненттеринин саны рынокто олуттуу үлүшкө ээ болгон, рыноктун негизги оюнчуларынын деңгээлине жеткен. Абоненттердин канааттангандыктарына чейрек сайын жүргүзүлгөн баа берүү MegaCom компаниясы тарабынан тандалып алынып стратегия туура экендигинин далилинен болуп санала. Акыркы маалыматтар боюнча сурамжылоого алынган абоненттердин ири саны компаниянын тейлөө сапатын беш упайдык көрсөткүчтө алганда 4,9 упайга баалашкан.

Ошентип, MegaCom компаниясы үчүн сертификация рынокто лидердик позицияны чыңдоого карай дагы бир кадам болду. «Компанияда эл аралык сертификаттын болушу – керектөөчүлөр үчүн сапаттуу продукт жете тургандыгынын негизги кепилдиги. Мында, Сапаттуу дегенди алтын тамгалар менен жазуу туура болот. Качандыр бир убакта ISO 9000 системасынын сертификаттарынын бирин алуу менен – компания өзүнө күндөн-күнгө гана эмес, туруктуу негизде кынтыксыз иш алып барууга милдеттенме алат, - дешет «Кыргызстандарттагылар».

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»