Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын жардамы менен «Кыргызстанда жасалган»…!

 

MegaCom компаниясынын жардамы менен «Кыргызстанда жасалган»…!


Компаниянын колдоосу алдында Кыргызстан КВН командасы Сочи шаарында өтө турган XXI Эл аралык КВН фестивалына катышууга мүмкүндүк алды. 

2010-жылдын 19-январынан тартып 2-февралына чейинки мезгил аралыгында Сочи шаары КВНдин бардык күйөрмандарын чогултат. Он жылдан бери биздин КВН командабыз КВНдин эң беделдүү фестивалында өлкөбүздүн аброюн коргоп келет. Евгений Акопян башында турган биздин курама команда эл аралык аренада өздөрүнүн куйкум тамашаларын жана тапкычтыктарын көрсөтүүгө белсенишүүдө.

Кыргызстан КВНинин курама командасы Сочи шаарында көрсөтө турган тамашалары «Кыргызстанда жасалган» деген ураанда өткөн акыркы сезондун оюндарынын мыкты автордук материалдарына негизденмекчи. Кыргыз курама командасынын аткаруусуна кыргыздын кайталангыс колорити, тамашалардын жөнөкөйлүгү жана куйкумдуулугу негиз бермекчи. Өлкөнүн аброюн коргоого көп улуттуу, интерноционалдуу команда топтолгон: Жалал-Абад курама командасынан Фарух Ибрагимов, Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын LSD командасынан Константин Сюй, «Папины дочки» курама командасынан Сергей Душимов, И. Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинин «Не дай БОХ!» командасынан Владимир Садырбаев, Дастанбек уулу Бактияр жана Максимов Руслан.

Сочиге баруу мүмкүнчүлүгү – КВН оюндарынын 15-сезонунун Башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясынын жардамынан улам жүзөгө ашырылууда.

- Биздин компания таланттуу жаштарга ар тараптуу жардам көрсөтүү менен социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга активдүү катышып келет, - деп белгиледи MegaCom компаниясынын Коммерциялык директору Жылдыз Караталова. - MegaCom менен КВНдин окшоштуктары көп, бул жаштык, көрктүүлүк, креативдүүлүк жана позитивдүү эмоциялар. Шайырлар жана тапкычтар клубу – бул, мурдагы союз өлкөлөрүндө көптөгөн сүйкүмдүү, жаш жана максатка умтулууну билген адамдарды топтогон өзгөчө саамалыктардын бири, демек биз, мындай көрктүү саамалыкты өткөрүп жибере албайбыз! Сочи шаарында өтө турган эл аралык фестиваль биздин командага жеңиштерди, катышуучулар сыяктуу эле, көрүүчүлөр үчүн да көптөгөн эргүүлөрдү алып келет деген ишеничибиз зор, -дейт Жылдыз Караталова.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы