Перейти на новый сайт

MegaCom КМШ өлкөлөрүнүн телекоммуникациялык аймагын бириктирүүгө катышууда

 

MegaCom КМШ өлкөлөрүнүн телекоммуникациялык аймагын бириктирүүгө катышууда


MegaCom компаниясынын кызматкерлери биздин республиканы Минск шаарында сунуштап келишти, ал жерде жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине киришкен өлкөлөрдүн телекоммуникация тармагына багышталган бир катар иш-чаралар болуп өттү.

КМШ өлкөлөрүнүн президенттери менен бир катарда «Байланыш тармагында Регионалдык шериктештик чөйрөсүндө администрациялар Башчыларынын 41-отурумуна» жана «КМШ аймагын бириктирүү» саммитине Кыргызстандын телекоммуникациялык секторунун өкүлдөрү катышып, ага: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен Министрдин орун басары Таалайбек Эшалиев, ал эми MegaCom компаниясынан – Башкы директордун ассистенти Ирина Крутий жана Стратегиялык жана уюштуруу өнүгүүсү боюнча директор Светлана Волобоева өкүл болушту.

Компаниянын делегаттары көңүлдүн чок ортосунда болушту: сектордун алдынкы технологиялары, регионалдык сан арип инфраструктурасы чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерди билишип, радио жыштыктар тилкесин биргелешип пайдалануу шарттары жана евразия операторлоруна акырындык менен эл аралык трафикти («Улуттар аралык Евразия маалыматтык супермагистраль (ТЕИС)») төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген эл аралык долбоор менен таанышышты

MegaCom компаниясынан катышуучулар 27 өлкөнүн 62 компаниясынан келген телекоммуникация рыногундагы алдынкы эксперттерге түздөн-түз суроо берүүгө мүмкүндүк алышты. Биздин делегаттар алынган маалымат өтө маанилүү экендигин жана компаниянын ишинде колдонула тургандыгын белгилешти.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы