Перейти на новый сайт

Пенсионерлер үчүн «Катаал ыргактагы эс алуулар»

 


Пенсионерлер үчүн «Катаал ыргактагы эс алуулар»


Көрсө, жаштык абалын бир азга болсо да арка алып келүү үчүн убакытты артка жылдыруу үчүн машинаны ойлоп чыгуунун кажети деле жок экен. Болгону улгайган адамдарды киного чакырыңыз, силердин чоң ата, чоң энелериңердин киного бара элегине бир топ жыл болсо керек. Мына ошондо өздөрүнө гана белгилүү болгон ой чабыттар чүмкөп, жүздөрүнө нурдануу пайда болгонун жазбай байкайсыңар. Ууртуна жылмаюу келип «эх чиркин...» деген үшкүрүктүн коштоосунда силер менен чогуу заманбап кино тасманы көрүүгө олтурушат.

Баса, «кинотерапия» демилгеси MegaCom компаниясына таандык. Мына ушул компаниянын кызматкерлери Карылар күнүнө карата борбор шаарыбыздын ардагерлерине жана пенсионерлерине мына ушундай өзгөчө белек тартуу кылуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Мындай экспериментти MegaCom компаниясы биринчи жолу жүзөгө ашырууда. Демейде ардагерлер менен пенсионерлерди куттуктоо, аларга материалдык жаткан жардам көрсөтүү уюлдук оператордун кеңсесинде өткөрүлүп келген. Бирок, 1-октябрь күнү байланыш компаниясы улуу муунду өзгөчө бир белек менен куттуктоону чечкен. Убакытка кылдаттык мамиле кылган пенсионерлер «Октябрь» кинотеатрынын маңдайына иш-чаранын башталышына бир саат калганда чогула башташкан. Бирин-бири майрамы менен куттуктап, куйкум тамашанын ортосунда алдыда көргөзүлүүчү тасманы талкууга алып да жатышты.

– Киного келе элегиме жыйырма жылча болду. Жаштыкты кайра эске түшүрүү кандай ырахат, – деген тамаша сөзүн узатты жыйналган аксакалдардын эң улуусу Яков Храпковский. Баса, өзүнүн улгайган жашына карабастан бул адам башкаларга үлгү боло алат: шыңга бойлуу, чыгармачыл адам өмүрүнүн ар бир күнүн сүйүктүү ишине арнап келет. Бул киши сүрөтчү болуп эмгектенүү менен согуш туурасындагы картиналарды полотного түшүрөт.

Бир аз арыраак жакта төрт коомдук – Бир полкто кызмат өтөгөндөр (Однополчане), Берекелүү күчтөр бирлиги, Ардагерлер таламдарын коргоо коому жана Ленинград блокадасына дуушар болгондордун Кыргыз коому уюмдарынын туруктуу катышуучулары топтолгон. Активдүү катышуучулар уюлдук компаниянын даректүү материалдык жардамдарын ар бирине тапшыруу үчүн өз коомунун «улгайган» мүчөлөрүн каттоого алышууда. Бул жолу MegaCom компаниясы салтка айланган тамак-аш азыктарынын ордуна жогоруда аталган коомдун жакыр жашаган ар бир катышуучусуна миң сомдон акчалай бөлүп берген. Мындай чечимди кабыл алуу ардагерлердин өтүнүчүнөн улам келип чыккан.

Кинотеатрдын көргөзмө залына киргенде ардагерлердин көздөрүнөн таң калуулар байкалып турда. Көргөзмө залынын ички бөлүгү ар бир ардагердин эсинде калган союз учурундагы залдан кыйла айырмаланып турган эле. Ардагерлер ыңгайлашып олтургандан кийин тасманы чыдамсыздык менен күтүштү.

Залдагы жарык өчүрүлүп, экранда тасманын алгачкы кадрлары пайда боло баштады. Тагдырдын тамашасынан улам пионер лагеринде тарбиячы болуп эмгектенип калган абактагы эки адамдын тагдыры туурасындагы тасма ардагерлердин жан дүйнөсүнө жаккандыгы байкалып турду. Бир жарым сааттык тамаша жана россиянын жаңы комедиясындагы актерлордун ышкыбоздугу залда олтургандардын көпчүлүгүнө союздун белгилүү «Ийгилик джентельмендери» («Джентльмены удачи») тамаша тасмасын эске салды.

– Көптөн бери мындай күлө элек элем, – деп кайрылды жанында олтурган улгайган айымга аскер формасындагы, чачын ак баскан ак сакал. Мына ушул сөздөрдүн өзү уюштуруучуларга арналган, тартуулаган алкыш. Майрам өз деңгээлине жетти десек туура болот.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы