Перейти на новый сайт

Аптаптуу жаз айларынан кийинки күзгү белектер

 


Аптаптуу жаз айларынан кийинки күзгү белектер


Жай сезонунун жыйынтыгы боюнча MegaCom компаниясы эң жигердүү адамдарды тандады.

Жеңүүчүлөр ар түрдүү болуп чыкты… Классикалык кийим кийген мырзалар, шайкеш келген баш кийимчен чырайлуу селки, уюлдук телефонду бир да секунд колунан чыгарбаган. Ошонусуна карабастан аларды бири-бирине кошуп турган, көзгө көрүнгүс бир өзгөчөлүк бар эле. Алар – лидерлер! Жайдын үч айынын жыйынтыгы боюнча MegaCom компаниясынын эң активдүү кардарларынын катарына кирүүсү мыйзам ченемдүү эле.

Салтка айланган бул жолку сыйлоо салтанаты ЦУМ магазининде жаңы ачылган MegaCom компаниясынын Жаңы Тейлөө борборунда жүзөгө ашырылды. Кардарларды тейлөө тилкелерининде жайгашкан отургучтарда экиден адам жайгашышты. Алып баруучу элдин чарчатпастан коммерция боюнча директордун орун басары Жылдыз Караталовага сөз берди.

– Жеңүүчүлөр менен болгон биздин ар бир жолугушуубузду биз өзгөчө өткөрүүгө аракет кылабыз. Бүгүн баалуу белектер менен жеке кардарларды гана сыйлабастан, корпоративдик кардарларды да сыйлоого жетишебиз. Ал эми белектер бардыгын таңгалтат деген ойдобуз. Бул биздин компаниянын атынан белекке сувенирлер, Nokia маркасындагы уюлдук телефондор, ошондой эле убакыт деп аталган түбөлүк баалуулук – дүйнөгө таанымал Swarovski зергер компаниясынан кристалл сааттар.

Өз белегине алгачкылардан болуп Эрмек Омуралиев чыкты, ал эң көп баарлашкан абонент катары таанылган! Жай айлары ичинде аталган мырза дээрлик сегиз миң SMS жөнөтүп, 483 минут сүйлөшкөнгө жетишиптир!

– Мындай кылууга мага балдарым жардам берди! – деп жылмаюу менен жеңүүчү абалды түшүндүрүп берди, – мен атайын алар үчүн «SMS-марафон» тарифтик опциясын кошуп койгом – дейт.

«Роуминг» номинациясында лидердик орундарды Александр Тэн жана Аида Мусакунова ээлешти. Александр учурда кызматтык иш сапарда жүргөн экен, ал эми Аида мааракеге кубануу менен келип катышты. – Мен MegaCom түйүнүндө тейленип жаткандыгына үч жылдан ашты , ушул убакыт аралыгында бул компанияны тандаганым үчүн өкүнгөн эмесмин. Кызматыма байланыштуу сапарларда көп болом, роуминг кошулбаса бир жерим кемип калгандай сезилет. Сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш сунуш кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! – деп сөзүн аяктады Аида.

Аиданын ыраазычылык сөздөрүнө Юсуп Чигиров да кошуларын билдирди. Бул киши «Эл аралык жеткиликтүүлүк» номинациясында чет өлкө абоненттери менен жети жарым миң минут сүйлөшкөндүгү үчүн биринчи орунду алды! Баса, Юсуп бул жөрөлгөсү менен MegaCom компаниясына ишенгендигин экичи ирет тастыктап жатат. Ал өзүнүн SIM-картасын эки жолу жоготуп, кайра эки жолу калыбына келтирген

– Телефон – бул жөн гана электрондук жабдуу эмес, бул MegaCom компаниясынын кызматтарындай эле, биздин жашоо-турмушубуздун ажырагыс бөлүгү. Компаниянын жардыма менен биз Казахстанга, Россияга, Өзбекстанга бир топ жакын болуп калдык! – деп чын дилинен белгиледи Юсуп.

Дагы башка күтүлбөгөн белектер да болду. Алсак, күтүүсүз жерден 6 номинацияга дагы бир – Мааракенин эң позитивдүү абоненти номинациясы да кошулду. Бул номинация боюнча жеңүүчү катары ууртунан жылмаюсу кетпеген, жашоо-турмушка активдүү караган, жеке гана журналисттердин эмес, мааракеге катышып жатышкан бүтүндөй журттун көңүлүн өзүнө бурган Бакыт Кадыралиев таанылды.

Бул күнү бардыгы болуп 13 абонент төмөнкү номинациялар боюнча ардактуу белектерди алышты: «Эл аралык жеткиликтүүлүк», «GPRS жана MMS», «Бактылуу номер/Сүйүктүү номер», «Роуминг». «Эң көп баарлашкан Кардар», «SMS-билдирүүнү эң көп пайдаланган Кардар» жана «Жашоо-турмушка активдүү караган кардар».

Салтанаттуу маараке бир бокал шампандын жана дисерттин жардамы аркылуу акырындык менен достук мамилеге айланды. Акыркы жаңылыктарды талкууга алгандан кийин кайрадан лидер болуу үмүтү менен коноктор таркашты. Лидер болуу алар үчүн өтө жеңил, убакытты башкарып, өз келечегин тандап MegaCom компаниясы менен жеңишке жетишүү!

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»