Перейти на новый сайт
Кургак учук оорусунан лазердин жардамы менен коргонуу

 


Кургак учук оорусунан лазердин жардамы менен коргонуу


Кургак учук оорусуна чалдыккан адамдарда социалдык жактан өтө кооптуу болгон оору менен күрөшүүнүн дагы бир олуттуу ыкмасы пайда болду. Бул өзгөчө лазер терапиясы аппаратынын аталышы «Матрикс-ВЛОК», аталган аппаратты MegaCom  компаниясы Фтизиатрия Улуттук борборуна белекке берди.

Аталган аппарат кичине кутучага гана батып калат. «Кичинесине карабастан, баалуулугу жогору» деген сөз дал ушул аппаратка туура келет. Аппараттын пайдалуу аракетинин коэффициентин бир нече нөлдөн турган сан арип менен белгилесе жаңылбайбыз. Анын иш алып баруусу өтө эле жөнөкөй: оорулуу адамдын кан тамырына атайын, бир жолу пайдалануучу ийне-нур берүүчү сайылып, канды ар кандай узундуктагы нур толкундары менен нурдантат. Бул адамдын организмине көп кырдуу таасир берип, алмашуу процессин нормалдаштырып, теринин регенациясына жана иммунитет системасына түрткү берет.

Бул аппаратка Фтизиатрия Улуттук борбору көптөн бери жетпей келишкен эле. Аппаратты сатып алууга жардам берүү өтүнүчү менен Башкы дарыгер Абдуллаат Кадыров кимдерге гана кайрылган эмес. Анын өтүнүчүнө MegaCom компаниясынын кызматкерлери көңүл коштук кылышкан жок. Алар аппаратты берүүгө даяр болгон фирманы көпкө издешти, натыйжада аппаратты алып келүү үчүн өздөрү Москва шаарына чейин барып келишти. Лазердик жабдууну MegaCom компаниясынын коммерция боюнча директору Александр Ходырев сатып алып, кылдаттык менен Кыргызстанга жеткирди.

Аппаратты Улуттук борборго өткөрүп берүү жылуу мамиледе, мындан ары оорулуу адам дарылануучу бөлмөдө жүзөгө ашырылды. Абдуллаат Саматович MegaCom компаниясынын белеги баа жеткис деп белгилөө менен кургак учук оорусу менен ооругандар коштоп жүргөн башка да ооруларга чалдыгып, негизги ооруну дарылоого мүмкүндүк болбой жаткандыгына токтолду. Мына ошол менен күрөшүү үчүн башка медикаментоздук эмес ыкмаларды, атап айтканда лазер терапиясын пайдалануу зарыл.

Аппаратты өткөрүп бергенден кийин Медициналык борбордун дарыгерлери аппаратты түйүнгө кошуп, нускоосу менен таанышып чыккандан соң, фтизиотерапиялык сеансты баштоого даярдык көрө башташты. Бул жерден, бардык даярдык иштерин кошо алганда ал 15 мүнөткө гана эсептелингендигин белгилей кетүү зарыл. Мунун өзү, ар бир оорулуу кезерип кезек күтпөстөн дарыланууну тез өтүүгө мүмкүндүк берет. Аталган дарылоо ыкмалары акысыз жүзөгө ашырыла тургандыгы да өзүнчө жагдай болуп саналат.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»