Перейти на новый сайт
Бири бириңиздерди издегиле!


Бири бириңиздерди издегиле!


Азыркы жашообуздун ритминде абоненттер телефон номерин улам-улам алмаштырып турууга муктаж. «Издейм сени» жаңы кызматынын жардамы менен Сиз туугандарыңыз жана досторуңуз менен дайыма байланышта боло аласыз!

Учурда уюлдук телефондор жашообуздун алып салгыс бир бөлүгү болуп калды. Уюлудку байланыш кызматынан пайдалануу жеңил болуп калгандыктан адамдар телефон номерин тез-тез алмаштырып турушат. Сиздин таанышыңыз телефон номерин алмаштырып, Сиз аны таппай калган учурлар болду беле? Же досторуңуз менен көптөн бери катышпай жүрүп, ал эми учурда ала менен байланышты кайрадан жаңырткыңыз келеби? Же досуңуз телефон номерин тез-тез алмаштырып турганды жактырабы?

Мындан ары тааныштарыңыздын жаңы номерлерин издеп убара болбойсуз. «Издейм сени» кызматынын жардамы менен Сиз таанышыңызга аны издеп жаткандыңыгыз тууралуу кабарлай аласыз, ан үчүн төмөнкү кыска буйрукту терүү керек: *255#055Ахххххх#чакыруу, бул жерде 055Ахххххх – Сиз издеп жаткан абоненттин эски номери, буйрук жөнөтүлгөндөн кийин ал аны издеп жаткандыгы жөнүндө SMS-маалымдама алат. Сурамдын баасы, салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 25 сом.

Үч айдын ичинде номерин алмаштырган абоненттердин бардыгын издесе болот. Сизди издеп жаткандар тууралуу билдирүүлөрдү алгыңыз келбесе *255#0# кыска буйругун териңиз, булл буйрук акысыз иштейт. Сиз билдирүүлөрүд алууну жаңырта аласыз, ал үчүн *255#1# кыска буйругун терүү керек. Сурамдын баасы – салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 5 сом.

Кызмат тууралуу толук маалымат бул жерде.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы