Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттери үчүн лоялдуулук программасы эми түштүктө


MegaCom абоненттери үчүн лоялдуулук программасы эми түштүктө


Лоялдуулук программасынын алкагында жеке абоненттерине сыйлык тапшыруу аземи MegaCom компаниясынын Оштогу Түштүк филиалында 16-июнда болуп өттү.

Мында иш чаралар MegaCom компаниясынын Түштүктөгү филиалында үч айда бир болуп турмакчы. Лоялдуулук программасы өткөн жылдын июль айында башталагна. Ошондон бери MegaCom компаниясынын эң активдүү абоненттерин сыйлоо аземи үч жолу болуп өттү. Төртүнчүсү Ош шаарында ишке ашырылып, республикабыздын түштүгүндө байма-бай өткөрүлүп, жакшы адатка айлана тургандай.

– Бүгүн биз байланыштын кошумча кызматтарынан активдүү колдонуп келген абоненттерибизди сыйлап жатабыз. Бул жерге келгендердин көпчүлүгү 3 жыл мурун пайда болгон биздин брэндибизди тандап келе жатасыңар. Бизге ишенип, биз менен кызматташып келе жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Ал эми биз болсо өз кезегибизде мындан ары да сиздерге сапатту, ишенимдүү жана ыңгайлуу кызматтарыбызды көрсөтө беребиз, - деп, чогулган меймандарга сөзү менен кайрылды Түштүк филиалынын директору Артём Фишер.

Ошко, ушул салтанаттуу мааракеге атайын келген коммерциялык директордун орун басары Жылдыз Караталова да конокторго жылуу сөздөрү менен кайрылды, - Биз абоненттерибизге, көрсөткөн ишеними үчүн ыраазыбыз. Мындан ары да биз ар бир абонентибизге кылдат мамиле кыла беребиз. Бүгүнкү иш-чарабыз – менин сөзүмдүн эң мыкты далили, себеби мына ушундай иш-чаралардын натыйжасында биз ар бир абонентибиз менен жеке таанышып, алардын каалолору жана муктаждыктарын жакшы билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2009-жылдын жаз айларында төмөнкү кошумча сервистерден активдүү пайдаланып келген абоненттер белектерин жана сертификаттарын алып кетишти: үн маалыматтарын жөнөтүү кызматы, «Эларалык байланыш», SMS, «Мобилдик интернет», «Роуминг», ошондой эле «Сүйүктүү номер» жана «Бактылуу номер» тарифтик опциялары.

Мындан тышкары мобилдик баарлашууну сүйүүчүлөр төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты: «Кооз номерлерди эң активдүү сатып алуучу» («платина», «алтын», «күмүш»), «Эң ынак кардар» (MegaCom түйүнүндө компаний иштей баштагандан бери тейленип келген абонент) жана «Номерлердин саны боюнча рекордчу» (өзүнүн атына эң көп номерлерди каттаган абонент).

Бардыгы болуп уюлдук байланыш кызматынын пайдаланып келген 13 абонент MegaCom компаниясынын ыраазычылыгына татыктуу болуп, үйлөрүнө уюлдук телефондорун жана фирмалык сувенирлерди алып кетишти.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы