Перейти на новый сайт

Гудокту обонго алмаштыр


Гудокту обонго алмаштыр


MegaCom MegaMusic кызматын иштетип жатат

MegaCom компаниясы көптөн бери күткөн MegaMusic кызматын иштетип жаткандыгы тууралуу жарыялайт, бул кызматтын жардамы менен жооп күтүүдөгү кадимки гудокту музыкалык композиция, үн файлы же тамаша менен алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы сервис абонентке чалып жаткандардын тобу же жеке адамдар үчүн уникалдуу сигналды орнотуп, өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Кызматты IVR, SMS, USSD же WEB аркылуу башкарса болот:

IVR – уюлдук телефонуңуздан *700 акысыз номерине чалып автомаалымдоочунун нускамасын так аткаруу керек;
SMS – + белгиси жазылган SMS-билдирүүсүн 700 номерине жөнөтүү керек. Тандалган обондун же тамашанын коду жазылган SMS жөнөтүлсө, алар заказ кылынып, ал обон чалып жаткан абоненттер үчүн дароо орнотулат;
USSD – *700# номерине USSD-сурам жөнөтүлөт, андан кийин абонент кызматтын тексттик маалымдоочусунун нускамасын аткарышы керек;
WEBwww.megamusic.kg сайтында катталуунун ыңгайлуу ыкмасы

MegaMusic кызматын коштургандан кийин жогоруда сүрөттөлгөн ыкмалардын бирин пайдаланылып абонентке эки SMS-маалымдама келет. Биринчи SMS-билдирүүсү абонентке кызмат кошулгандыгы тууралуу маалымдаса, экинчисинде кызматты башкаруу үчүн колдонулуучу пароль жана интернет-сайттын дареги жазылган болот.

MegaMusic кызматы коштурулгандан кийин абонентке стандарттуу акысыз обон орнотулат. Аны каталогдогу 2000 ашуун обондордон турган акы төлөнүүчү обонго алмаштырса болот.

Кызматты коштуруу - акысыз. Абоненттик төлөмайына 44 сом. Обонду өзүңө же кызматты досуңа заказ кылуу – 44 сом. Эки адамга обонду заказ кылуу – 88 сом.

MegaCom компаниясынын MegaMusic кызматына кошулсаңыз, Сизге көбүрөөк чала башташат! Анын үстүнө 8-июлга чейин кызматтан абоненттик төлөмсүз пайдаланса болот.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы