MegaCom компаниясынын техникалык өнүгүү жаңылыктары
2009-жылдын апрель айынан баштап MegaCom компаниясы уюлдук байланышынын кошуча 77 станциясын орнотту. Объектилер Кыргызстандын 55 калктуу пунктунда 9 шаарында орнотулду.
Борбор калаабызда 9 базалык станция орнотулду: Курчатов, Сүйүмбаев, Абдырахманов көчөлөрүндө жана Жаш Гвардия проспектисинде, “Чыгыш-5” кичи районунда, “Ак-Өргөдө” жана ошондой эле 5, 12 кичи райондорунда.
Чүй облусунуну аймагында 14 техникалык
объектилери Кара-Балта жана Токмок шаарларында иштетилди. ИвановкаВинаградное,
Жыламыш, Ленинское, Пригородное, Түлөк, Чат-Кол, Новопавловка жана Кайыңды
шаарчасында түйүн сыйымдуулугу чоңойтулду.
Нарын облусунда – 6 жаңы базалык станция орнотулду. Эпикн, Чекилдек, Достук, Атал, Ат-Башы жана
Нарын шаарларынын тургундары радиосигналдын жакышырышын сезе түшүшөт.
Байланыштын кошумча объектилери Ысык-Көл облусунда – Чоң-Оруктуда жана Талас облусунун – Кеңарал жана Боо-Терек айылдарында эксплуатацияга киргизилди.
Республикабыздын түштүк аймагы да техникалык жаңыруусуз калган жок. Ош облусунда 23 базалык станция орнотулду, ошондой эле Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында. Айыл жергесинде Киров, Ак-Кыя, Мырза-Аке, Куршаб, Өзгөр, Большевик, Эркин-Тоо, Нариман, Ай-Тамга, Кожо-Арык, Көк-Жар, Жапалак, Шоро-Башат, Каш-Калдак, Тельман, Кеңсай, Октябрь, Ак-Булак, Кара-Кочкор жана Кара-Ташта орнотулду.
Жалалабат облусунда 16 станция курулду. Тактап айтканда Майлуу-Суу, Кербен шаарларында, Биринчи
Май, Кызыл-Токой, Сумсар, Көк-Таш, Коткор, Нефтепром, Кара-Дарыя, Бүргөндү,
Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Ак-Суу, Жаңы-Жол жана Ак-Жол айылдарында.
Баткен облусунда алты станция курулгандан кийин Алга, Жаңы-Жер, Олакыш, Марказ,
Үч-Коргон жана Кызыл-Кыя шаарында тейлөө аймагы жакшыртылды.
Ошентип, 9-июндун маалыматтары боюнча MegaCom абоненттерин 619 уюлдук байланыш станциясы тейлейт. Натыйжада компаниянын кызматарынан республикабыздын булуң бурчунда жашаган абоненттер пайдалана алышат.
MegaCom: өз келечегиңди танда!