Перейти на новый сайт

Транспорт жана коммуникация министрлигинин сыйлыгы

Транспорт жана коммуникация министрлигинин сыйлыгы


Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги уюлдук телефондоруна кыргыз тилин киргизгендиги үчүн MegaCom компаниясын ардактуу грамота менен сыйлады.

MegaCom – республикабыздагы азырынча уюлдук операторлордун ичинен биринчилерден болуп кыргызыстандыктарга уникалдуу өзгөчөлүгү бар уюлдук телефонун сунуштап жатат – бул телефондун менюсу кыргыз тилинде. MegaCom компаниясы тарабынан менюну мамлекеттик тилге которуу жана аны ZTE А36 телефонуна орнотуу боюнча чоң иш аткарылды. Жыйынтыгында, эне тилинде сүйлөшкөн Кыргызстандын тургундары англис же орус тилдерин билбесе да уюлдук телефонду оңой эле пайдалана алышат.

КР Транспорт жана коммуникация министрлиги MegaCom компаниясынын бул демилгесин жогору баалап, ошондой эле анын Кыргызстандагы байланыш тармагына кошкон салымын баалап, Кыргыз Республикасынын Байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата уюлдук оператордун 6 кызматкерин ардактуу грамота менен сыйлады.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы