Перейти на новый сайт

Бул күндү алар колунан келишинче жакындатып жатышты.

Бул күндү алар колунан келишинче жакындатып жатышты.

Ушуну менен үчүнчү жыл катары менен MegaCom компаниясынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына достору, теңтуштары менен жолугушууга шарт түзүп берип жатышат. Төрт жүздөн ашуун адам – биздин жаш муундарга асманы ачык келечекти тартуулагандар Бишкек жана Ош шаарларында Улаа Жеңишке арналган майрамдык кечеге чогулуп отурушту.

Булл үкүн өзүнүн оору-сыркоосун айтып, жашоого нааразычылыгын билдирүү күнү эмес эле. Ак дасторкондун үстүндө небере-чөбөрөнүн ийгиликтери тууралуу бирин-бири куттукташып, тамаша, ыр, жашоолорунун жарымынан көбү өткөн Советтер Союзу жөнүндө эскерүүлөр угулуп жатты. Улуу муундагы адамдардын тамашаларын угуп, бооруң эзилет! Өлкөбүз согуш кысымына муунуп жатканда, баштарынан кыйынчылыктардын бардыгын өткөргөн булл адамдар тамашалаганды унутушкан жок. Алардын учкул сөздөрү кинофильмдерден цитатталарга, улуу адамдардын афоризмдерине, көркөм адабиятынан алынган үзүндүлөргө толгон жана чоңойуп келе жаткан жаш муундарга классиканы унутпай окуп жүрүүсүн эскертет.

- Сулуулук жана юмор – жашоонун эликсири, - деп баса белгилей кетти ардагерлердин бири.

Азык-түлүк салынган пакеттерден, ден соолук жана узак өмүр кааланган сөздөрдөн тышкары ардагерлер Кыргызстандын сыртында, чет өлкөлөрдө жашаган тууган-туушкандарына, согушту чогу басып өткөн теңтуштарына телефон чалып, майрамы менен куттуктоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. MegaCom компаниясы жыл сайын 9-майга карата өткөзүүчү “Согушта чогу аскер өтөгөн адамына телефон чалуу” акциясы дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган достурго телефон чалып, жакын арада чөбөрөлүү болорун угуп, ал эми башка неберең мектепти ардыкчылык менен бүтүрүп жатканын угуп, кошо кубануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

- Менин Ярославлда туугандарын ого эле көп. Оошолорго телефон чалып көрөйүн, дейт, жылмайып 84 жаштагы Василий Туманов. Жашы бир топко барып калса да өзүн түз кармап, зыңкыйып, жашоого кубанып жүрөт.

MegaCom кызматкерлери телефондорунан номерди тергиче Василий Васильевич өзү жөнүндө кеп салып берди. 17 жашар, сүт оозунан кете эелек жаш бала өз ыктыяры менен согушка аттанып, 1944-1945-жылдары Беларусс фронтунда аскер өтөптүр. Кенигсберг, азыркы Калининградды аларда жаш танкист жаракат алып, жарым жыл ооруканада жатып калат. Согуш аяктап, жашоонун аркы-беркиси менен Кыргызстанда түтүн булатып жашап калат.

- Жаштарга эмне каалайын? Кеңеш берүү кыйын, анткени алардын баалуулуктары такыр башка. Азыр атуулчулук тууралуу көп сөз кылышат, бирок аны сөз менен көрсөтө албайсың. Биз жаш кезибизде атуулчсулук катары эмгек маданияты эсептелчү...деп ой бөлүштү Жеңиш Күнүн жакындаткан адамдардын бири, танкист Туманов. – Алло, эптеп түшпөдүмбү. Бул жерде жергиликтүү уюлдук операторубуз силер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берип жатпайбы. Ооба! Бизди ушинтип куттуктап жатышат. Биз болсо ушинтип, бизге кам көрүп, кары адамдарды сый-урматка бөлөшкөнүнө ыраазыбыз. Жеңиш үчүн ыраазыбыз дешет. Ишигылып, бири-бирибизге ыраазыбыс.

Иш-чара болуп өткөн жерден фоторепортаж

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы