Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясында «Ачык эшиктер күнү»

MegaCom компаниясында «Ачык эшиктер күнү»

Сени MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү кызыктырып, аны «ичинен» көргүң келеби? Анда сен үчүн гана уюлдук оператор өзүнүн үчүнчү туулган күнүнө карата өзүнүн «эшигин ачат».

27, 28 жана 29-апрель күндөрү MegaCom «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасынын алкагында коммерциялык департамент жана күнү-түнү иштөөчү компаниянын кардарларды колдоо кызматына экскурсияга чакырат. Экскурсия учурунда меймандар компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу суроолорун берип, белектерин алып кете алышат. Экскурсия саат 11:00 башталып 15:00 чейин уланат.

«Ачык эшиктер күнүнүн» алкагында экскурсияга катышу үчүн 20-апрелден 24-апрелге чейин 0555 56 56 56 номерине чалып, катталып коюш керек.

Шашылгыла! Экскурсиялык топтордогу орундардын саны чектелүү.

Азыр үч жыл мурун Кыргызстанда MegaCom уюлдук байланышы болгон эместигин элестетүү кыйынга турат. Кыргызстандыктар ушундай ачык жана ишеничтүү операторго көнүп калышты жана анын болушу кадымки жана абдан керектүү нерсе катары кабыл алынат. Бүгүнкү күндө MegaCom – республикабызда динамикалуу өнүгүп келе жаткан уюлдук компания. Үч жылдын ичинде Кыргызстандын калк жайгашкан аймагынын 80% камтыган түйүн курулду, анын ишин 550 базалык станция камсыз кылып келет. Дистрибуция түйүнү өзүнө 7000 ашуун сатуу түйүндөрүн камтыйт.

2008-жылы Кыргыз Республикасында уюлдук байланыштын пайдалануучулары 3200 000 адамды түздү. MegaCom түйүнүнүн абоненттик базасы өткөн жылдын август айында миллион кыргызстандыктан ооп түштү. Демек, өлкөбүздүн тургундары өзүнүн уюлдук оператору катары MegaCom түйүнүн тандашары көрүнүп турат. MegaCom кардарлары – ар түрдүү кеспитердин, курактардын, кызыкчылыктардын жана керектөөлөрдүн өкүлдөрү. Ошентсе да булардын ар бири оператордон өзүнө гана керектүү болгон нерселерди таба алышты. Келечекти тандоо аркылуу MegaCom ар түрдүү категориядагы адамдар үчүн тынымсыз жаңы кызматтарды жана сунуштарды тартуулап, ошол эле учурда баанын жана сапаттын оптималдуу айкалышын сунуш кылып келет.

Абоненттери тарабынан компаниянын ишмердүүлүгүнүн жогору бааланышы – профессионалдардын командасынын тынымсыз иштөөсүнүн натыйжасы, алардын эмгеги Кыргызстандын уюлдук байланыш тарыхында чоң жаңылык болду. MegaCom компаниясы рынокко чыккан убакытта республикада уюлдук байланыш 10% гана түзүп турган. 2006-жылы булл көрсөткүч 20% жогорулады. Бүгүнкү күндү уюлдук байланыштын рынокко кирген үлүшү 60% түзөт.

MegaCom компаниясы биринчилерден болуп кыргызстандыктарга кызматтардын тарифтөөсүн улуттук валютада сунуш кылып, EDGE технологиясынын негизинде мобилдик интернет киргизип, чет өлкөлүк операторлору менен MMS-алмашууну, эларалык чалууларга болгон бааларды арзандатып берди. MegaCom – тейлөөнү төрт тилде жүргүзүп, мини-корпоративдик топтордун ичинде бааларды арзандатып, баалардын бардыгын салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүп келген жалгыз компания.

Бул компания сапаттуу тейлөөнү, туруктуу байланышты жана тарифтөөнүн чынчылдыгын баалагандар үчүн иштейт. Азыркы учурда MegaCom компаниясын тандагандар, өзүнүн келечегиндеги ишенимдүүлүктү тандайт деп айтса болот.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы