Абоненттердин көңүлүнө!
Урматту абоненттер!
MegaCom абоненттеринин номерлерине НурТелеком («О!» соода маркасы) уюлдук операторунан каалабаган SMS-билдирүүлөрү көп келгендиктен, 2009-жылдын 6-мартынан баштап MegaCom компаниясы келишимге ылайык бул компаниянын номерлеринен түшкөн билдирүүлөрдү кабыл алууну токтотту. НурТелеком компаниясы менен түйүн аралык байланыш маселеси чечилмейинче SMS-алмашуу токтотулуп турат.
* MegaCom абоненттерине “О!” абоненттери менен бир тараптуу SMS – билдирүүлөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгү ачылган.