Перейти на новый сайт

Пикирлер жана сунуштар кызматы

Пикирлер жана сунуштар кызматы

20-февралдан баштап MegaCom компаниясы тейлөө сапаты тууралуу өзүнүн абоненттеринен түшкөн сунуштарын *300 кыска номери аркылуу кабыл алуу кызматын ишке киргизип жатат.

MegaCom компаниясы тейлөө сапатына дайыма көңүл бөлүп келген. Бул чөйрөдө жакшы иштөө үчүн абоненттерибиздин пикири дайыма биринчи орунда турат. Кардарлар менен пикир алышып туруунун натыйжасында оператордун сатуу түтйүндөрү, кардарларды тейлөө борбору, кассалар жана компаниянын башка бөлүмдөрүнүн сапаттуу иштөөсү тууралуу толук маалымат алып турууга жардамын берет. Кардарлар жана өнөктөрдүн ич ара иш-аракетинин натыйжасында пайда болгон кыйынчылыктар жөнүндө өз убагында маалымат алып туруу аркылуу көйгөйлөр өз убагында чечилип турат.

Ушул багытта иштөөдө абоненттерибизге ыңгайлуу болушу үчүн компанияда маалымат алуунун бир нече ыкмасы бар: компаниянын расмий сайтындагы “Суроо бериңиз” бөлүмү, тейлөө борборлорундагы пикирлер жана сунуштар китеби, күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо кызматы.

Абоненттер өзүнүн операторуна болгон кандайдыр бир сунуштары же пикири болсо, аны операторго жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн 20-февралдан баштап *300 номери иштей баштайт. Бул кыска номерге чалып, сиз автожоопбергичке тарифтер тууралуу туура эмес маалымат берилгендигин, сизге кызматкерлер орой жооп бергендигин же баалар көтөрмөлөнүп, туура эмес берилгендигин маалымдасаңыздар болот. Билдирүүлөр тастыкталып, тийешелүү учурларда аларды оңдоо үчүн чара көрүлөт.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы