SMS-марафондун жыйынтыктары
Жаңы жылдык «SMS-марафон» акциясы жыйынтыкталды.
2008-жылдын декабрь айында старт алган SMS-марафондун жыйынтыктары 12-февраль күнү чыгарылды. Акция учурунда MegaCom түйүнүнүн абоненттери үч жарым миллиондон ашык SMS-билдирүү жөнөтүштү. Жаңы жылдык акцияга кырк миңден ашуун адам катышып, белекке түйүн ичинде 500 жана андан ашуун SMS-билдирүүлөрүн алышты.
Натыйжада, эки жарым миң абонент байгелүү болуп, жалпы эсеп менен алганда эки миллион SMS-ти белекке алышты. Акциянын жеңүүчүсү жалпы жолунан он бир миң беш жүз билдирүү жөнөткөн!
13-февралда жеңүүчү абоненттердин эсебине акция учурунда жөнөткөн билдирүүлөрүнүн санына барабар болгон SMS которулат. SMS-пакеттеринин иштөө мөөнөтү – 30 күн.
MegaCom компаниясы жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап көңүлдүү маектешүүнү каалайт!
MegaCom: өз келечегиңди танда!