Перейти на новый сайт

MegaCom жалаң гана өлкөлөрдү бириктирбестен, бүтүндөй континеттердин башын кошот!

MegaCom жалаң гана өлкөлөрдү бириктирбестен, бүтүндөй континеттердин башын кошот!


3-февраль күнү MegaCom компаниясы өзүнүн абоненттерине белек берип, аларга ыраазычылыгын билдирди. Аталган байланыш түйүнүн активдүү кардарлары аныкталды.

MegaCom компаниясы өзүнүн кардарлары менен тыгыз байланышта жана алардын ар бирине жекече мамиле жасоо менен иштеп келет. Бул багытты чыңдоо үчүн лоялдуулук программасынын алкагында аталган байланыш түйүнү өзүнүн 2 жыл аралыгындагы эң активдүү роуминг жана эл аралык байланыш кызматын колдонгон 2 номинациядагы абоненттерин аныкташты. Активдүү абоненттерге бүгүн MegaCom компаниясы белектерди жана сертификаттарды тапшырды.

Компаниянын активдүү абоненттерин аныктоо дайыма уюштурулуп келет. Бүгүн жалпысынан 10 абонент аныкталып, белекке бизнес-классындагы уюлдук телефондор жана алыскы сапарга аттанганда жолдо кереги тийчү буюмдарга толгон рюкзактар тартууланды. Абонент менен компаниянын ортосундагы мамилени чыңдоо, ишеничтүү кызмат көрсөтүүгө компаниянын кызматкерлери дайым даяр.

Суроо-талаптын өсүшү MegaCom компаниясынын сапаттуу байланыш жана жогорку деңгээлдеги сервисттик тейлөө менен камсыз кылышына шартталган. Эми мындан ары да компания өз кардарларына сүйүнүч тартуулап, адатка айланган иш-чарасын ар бир квартал сайын өткөрүп турат.

«Эларалык байланыш» кызматын чексиз сүйгөндүгү үчүн биринчилерден болуп жеке фирманын юристи Бакыт сыйланды. Бакыттын сөзү боюнча ал көбүнчө Россия жана Австралияга телефон чалат экен. Демек MegaCom жалаң гана өлкөлөрдү бириктирбестен, бүтүндөц бир континенттердин башын кошуп турат.





MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»