MegaCom компаниясынын атайын стипендиясын алуу үчүн өкөрүлгөн сынактын жыйынтыктары
Сынактын жыйынтыктары боюнча Бишкек вуздарын бүтүргөн 5 студент MegaCom компаниясында эмгектене башташты.
MegaCom компаниясы жана «EdNet» билим берүү мекемелеринин ассоциациясы «Кыргызстанда билим берүү жана бизнестин карым-катышын күчөтүү» программасынын негизинде билим берүү долбоору менен биргеликте MegaCom атайын стипендиясын алуу үчүн конкурстун өткөрүп келген. MegaCom компаниясына 2008-жылдын апрель айынын аягында жарыялагнаг сынакка инженердик-техникалык адистигинде окуган 3,4 жана 5 курстарынын студенттеринен 54 резюме келип түшкөн.
Сынактын биринчи этабына КРСУ, Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин, Разаков атындагы КТУ, Баласагын атындагы КУУ, КГУСТА жана Арабаев атындагы КМУ университеттеринин студенттери катышты. Профессионалдык тестирлөөдөн кийин компанияда стаждоодон өтүү үчүн 14 студент тандалган. 6 кандидат тандоо турунан ийгиликтүү өтүп, түйүндү эксплуатациялоо, түйүндү өнүктүрүү жана уюштуруу-укутук жактан камсыздоо бөлүмдөрүндө иштей башташты.
Үч айдан кийин студенттер стаждоо убагында аткарган ишинин бет ачарын көрсөтүп беришти.
Бет ачардын жыйынтыктары боюнча 6 стипендиант аныкталды:
Станислав Муковоз
КРСУ, табийгый-техникалык
факультети, «Физика жана микроэлектроника», 5-курс
Таалай Чыйбылов
КГТУ, маалымат
технологиялары факультети, «Байланыш түйүндөрү жана коммуникация системалары»,
5-курс
Степан Суртаев
КГТУ, маалымат технологиялары факультети, «Радиобайланыш, радиоберүү жана
телефидение», 5-курс
Никита Литвяков
КГТУ, маалымат
технологиялары факультети, «Радиобайланыш, радиоберүү жана телефидение», 5-курс
Каныкей Мамбетакунова
КГТУ, маалымат
технологиялары факультети, «Радиобайланыш, радиоберүү жана телефидение», 2008-жылдын
бүтүрүүчүсү.
Жентаев Данияр
Раззаков
атындагы КМУ, кыргыз-герман техникалык факультети, «Телематика», 3-курс
Сынак жеңүүчүлөрү стипендия алышты. 5 стипендиант менен MegaCom компаниясы эмгек келишимин түздү. Учурда MegaCom компаниясынын жаңы кызматкерлери техникалык департаментинде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.
MegaCom компаниясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, чыгармачыл ийгиликтерди каалайт!
555 Командасы. Бардыгы – өз адамдар!