Перейти на новый сайт
СӨЗ: плюс Европанын 15 өлкөсү

 

СӨЗ: плюс Европанын 15 өлкөсү

«СӨЗ» жана «СӨЗ+» тарифтеринин бардык абоненттери үчүн жакшы кабар. 15-апрелден баштап эларалык багыттардын тизмесине дагы Европанын 15 өлкөсүндөгү катталган операторлору кошулду.

Эми «СӨЗ» жана «СӨЗ+» таритик пландарынын абоненттери Европа өлкөлөрүндө жашаган туугандары жана теңтуштары менен арзан баада жана ыңгайлуу шартта баарлаша алат. 15-апрелден баштап MegaCom компаниясы «СӨЗ» жана «СӨЗ +» тарифтериндеги өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтип, тариф ээлери ыңгайлуу баада телефон чалуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Алгачкы 6 өлкөдөн турган тизме (Россия, Казахстан, Өзбекистан, Кытай, Канада, АКШ)  Австрия, Бельгия, Франция, Германия, Түркия, Чехия, Испания, Италия, Швеция, Польша, Нидерланды, Улуу Британия, Эстония, Латвия жана Литва өлкөлөрүнүн катталган байланыш операторлору менен толукталды. Бул багыттар боюнча жүргүзүлгөн чалуунун баасы КНС жана ЧССти эсепке алуу менен болгону 6 сом 90 тыйынды түзөт, сүйлөшүүнүн ар бир секундасы тарифтелинет.

Көңүл бургула: 15 жаңы өлкөнүнү уюлдук байланыш операторлоруна чалуу MegaCom компаниясынын «Эларалык чалуу» кызматынын негизги прейскурантына жараша тарифтелинет.

Жаңы эларалык багыттарынын коддору:

Багыт Өлкөнүн коду
Австрия 43
Бельгия 32
Франция 33
Германия 49
Түркия 90
Чехия 420
Испания 34
Италия 39
Швеция 46
Польша 48
Нидерланды 31
Улуу Британия 44
Эстония 372
Латвия 371
Литва 370

Европага чалуу үчүн номерди төмөнкүдөй форматта терүү керек: 00, өлкөнүн коду, оператордун коду жана абоненттин номери (Австрия: 00 43 (оператордун коду) хххххх, бул жерде хххххх – абоненттин номери).

Тарифтер тууралуу толук маалымат бул жерде.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)