Перейти на новый сайт

MegaCom корпоративдик журналы маалымат технологиялары жана байланыш базарында корпоративдик басма сөз сынагынын жеңүүчүсү болду

 

MegaCom корпоративдик журналы маалымат технологиялары жана байланыш базарында корпоративдик басма сөз сынагынын жеңүүчүсү болду.

2008-жылдын 16-17-апрелинде Россия Федерациясынын маалымат технологиясы жана байланыш Министрлиги Москвада «ЛИНИЯ»: «МТ жана байланыш чөйрөсүндө ички жана тышкы коммуникацияны өнүктүрүү» үчүнчү эларалык форумун өткөрдү.

Бул жолу Форумдун негизги темасы болуп: «Имидж. Аброй. Капитализация» аталды. Форумдун стратегиялык максаты катары маалымат коммуникация тармагында коомчулук менен байланышуунун иштиктүү инфраструктурасын түзүү: Россия Федерациясынын ИКТ базарынын жагымдуу имиджин түзүү, тармактын маалымат жактан ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу алынды.

Форумдун иш программасында бир нече секциялык чогулуштар, «тегерек стол» жана мастер-класстар, ошондой эле ИКТ тармагындагы компаниялардын корпоративдик басма сөз көргөзмө сынагы жана «Объективде PR» деген имидждик жана репортаждык фото көргөзмө сынагы болуп өтүү.

Маалымат жана коммуникациялфк технологиялар базарынын корпоративдик басма сөз сынагында MegaCom компаниясынын «MegaCom Life» журналы өзгөчө белгиленип өттү, бул журналдын бет ачарын MegaCom компаниясынын корпоративдик коммуникациялар боюнча Директору Наристе Алиева алып барды. Журналдын өзгөчөлөнтүп турган нерсе бул, компания жана анын кардарлары, кызматкерлери менен болгон байланыш, компаниянын өнүгүшү тууралуу акыркы жаңылыктар десек болот. Сынактын жыйынтыктары боюнча «MegaCom Life» журналы «Оригиналдуу формат» номинациясында жеңүүчү болуп чыкта.

«ЛИНИЯ» үчүнчү форуму 100 жакын россия жана чет өлкө телекоммуникация жана ИТ-компанияларынын, коммуникацияларды өнүктүрүүчү агенттиктер, коомдук-саясий, ишкер жана тармактык ММКнын 200 ашуун өкүлдөрүнүн башын кошту.

Форумда ички жана тышкы коммуникация тармактарынын жетекчилери, коомчулук менен байланышуу адистери, инвесторлор мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү ИКТ секторунун маркетинг жана реклама жетекчилера, корпоративдик коммуникация, медиакамсыздандыруу адистери, имеджеологдор, репутациялык менеджерлер коомдук-саясий, ишкер жана тармактык ММКнын жетекчилери чыгып сүйлөштү.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы