Перейти на новый сайт

MEGA компаниясы абонент айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

MEGA компаниясы абонент айымдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жылдагыдай эле компанияга биринчилерден болуп – 2006-жылы абонент болгон эң туруктуу абонент айымдарды Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Дээрлик 17 жылдан бери компаниянын туруктуу абоненттерин, MEGA түйүнүнүн кызматтарынын активдүү колдонуучуларын MEGA компаниясынын башкы директору өзү куттуктап, оператордун жамаатынын атынан белектерди тапшырды.

MEGA өзүнүн өнөктөштөрүн, компаниядагы кесиптеш айымдарды да көңүл сыртында калтырган жок. Асылзат айымдар үчүн майрамдык атмосфера, ачык маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, MEGA компаниясында иш алып барууда өзүн мыкты көрсөткөн жүздөгөн айымдар эмгектенишет жана алар Кыргызстандын телекоммуникация тармагынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Алар катардагы кызматкерден тартып жетекчилик кызматтарда да иштешет, ар биринин эмгеги баалуу. Ошол эле учурда жылдан жылга IT тармагын жана техникалык кесиптерди тандаган айымдардын саны көбөйүп жатканын белгилей кетүү керек.

«Кымбаттуу айымдар, MEGA компаниясынын жамааты сиздерди келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктайт! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, дайыма жагымдуу эмоциялар тартууланып турсун, бакыттын кучагында көп жашаңыздар», – деди «Альфа Телеком» ЖАК башкы директору Нурлан Мамытов өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

MEGA – мыктыны тандоо!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы