Перейти на новый сайт
MegaCom атайын стипендиясын алуу үчүн конкурс

 

MegaCom атайын стипендиясын алуу үчүн конкурс


MegaCom компаниясы жана «EdNet» билим берүү мекемелеринин ассоциациясы «Кыргызстанда билим берүү жана бизнестин карым-катышын күчөтүү» программасынын негизинде билим берүү долбоорун - MegaCom атайын стипендиясын алуу үчүн конкурстун баштап жатат.

MegaCom компаниясы – студенттерди практикадан өткөрүп, аларды ишке алуу аркылуу Кыргыз Республикасындагы инженердик-техникалык адистерди даярдоочу бизнес-компаниялардын бири.

MegaCom атайын стипендиясын ыйгаруу долбоорунун негизги максаты - MegaCom компаниясында стаждоодон өткөрүү аркылуу инженердик-техникалык адистерин даярдоо.

Үч этаптан турган долбоордун жыйынтыгында эң мыкты студенттер тандалып алынып, аларга MegaCom атайын стипендиясы ыйгарылат. Стипендианттар ошондой эле компанияда иштеп калуу мүмкүнчүлүгү бар: 4-курстун студенттери толук эмес иш күнүнө, 5-курсунун студенттери диплом алгандан кийин толук иш күнүнө алынат.

Тестирлөө жана маектешүүнүн алгачкы этабында компанияда стаждоодон өтүү үчүн 15 студент тандалып алынат.

Экинчи этабында долбоор катышуучулары стаждоодон өтүп, өз ишинин жыйынтыгын беришет.

Студенттердин аткарган ишинин жыйынтык бет ачарынын негизинде стипендианттар белгиленип, алар менен компанияда стаждоо өтүү боюнча макулдашуу түзүлөт.

Үчүнчү этабында студент менен келишим түзүлүп, ал компанияда иштеп калат. Долбоор өз ишин 2008-жылдын 30-ноябрында бүтүрөт.

MegaCom стипендианттары болуп 4-5-курстарынын күндүзгү же сырттан, инженердик-техникалык адистиктеринде жана негизги сабактардан жалаң бешке окуган студенттери бол алышат.

Конкурска катышуу үчүн комиссияга 2008-жылдын 30-апрелине чейин төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1) мугалимдин сунуш каты,
2) конкурска катышуу себебин негиздеген эссе (эсседе конкурска катышуунун себебин, эларалык тенденцияларды эске алуу менен Кыргызстанда телекоммуникация тармагынын өнүгүүсүн кандай көрөөрүн жазуу керек),
3) сүрөтү бар резюме (эркин фомада, жеке маалыматтар, билими, иш тажрыйбасы, практика же стаждоо, дипломдук жана курстук иштеринин темасы, кызыгуусу көрсөтүлүшү керек),
4) окуган жеринен маалымм кат.

Конкурска катышуу документтери төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш.,  Жибекжолу пр., 479А, ошондой эле:  nbragina@career.kg, gduishebaeva@career.kg электрондук даректери боюнча.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы