MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 2022-жылдын 12-декабрынан баштап төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болорун маалымдайт:
- «Unlim 24+», «Бактылуу сааттар 5/10 ГБ», «Чектөөсүз интернет 1/10 ГБ», «Nitro S/M/L», «Керемет 1/10/30» кызмат опцияларын көрсөтүү токтотулат. Бул опцияларды 2022-жылдын 12-декабрына чейин кошуп алган абоненттер кызматтарды алардын төлөм мөөнөтү аяктаганга чейин колдоно алышат;
- «Күн-Түн», «Чексиз түн», «WhatsApp», «Instagram», «TikTok» жана «Чектөөсүз» опцияларынын корпоративдик формадагы абоненттери үчүн кызматтар төлөнгөн тарифтин алкагында жеткиликтүү болот.
Аталган опцияларды пайдаланган абоненттерге өзгөртүүлөр боюнча толук маалымат SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.