Перейти на новый сайт

Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

29-ноябрь, шейшемби күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы кеңсесинде көчмө жыйын өткөрүп, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Депутаттарга MegaCom компаниясынын 16 жылдык тарыхын камтыган жетишкендиктерине басым жасалган, ата мекендик оператордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чагылдырылган даректүү видео сюжет көрсөтүлдү. 2022-жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыктары боюнча «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов сөз учугун улады.

Отурумдун жүрүшүндө эл өкүлдөрү MegaCom компаниясынын коммерциялык көрсөткүчтөрү жана компаниянын кызматтары боюнча 2023-жылга карата өнүгүү пландары тууралуу маалымат алышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитет мүчөлөрү «Альфа Телеком» ЖАК республиканын бюджетин толтурууга кошуп жаткан салымын жогору баалашты. Диалог форматындагы баарлашууда депутаттар компаниянын атаандаштык артыкчылыктары, өнүктүрүүнүн жаңыланган стратегиялары, инвестицияларды тартуу сыяктуу бир нече суроолорго толук кандуу жоопторду ала алышты.

Расмий бөлүктүн соңунда Нурлан Мамытов Жогорку Кеңештин комитет мүчөлөрүнө MegaCom’дун негизги департаментине экскурсия жүргүзүп, конокторду компаниянын байланыш-борборунун өзгөчөлүктөрү менен, ошондой эле «Альфа Телеком» ЖАКтын коммерциялык жана техникалык дирекциясы менен тааныштырды.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы