Перейти на новый сайт
Чогуу жардам кылабыз! MegaCom'дун терминалдары жана MegaPay аркылуу Баткен элине 440 000 сом топтолду

Чогуу жардам кылабыз! MegaCom'дун терминалдары жана MegaPay аркылуу Баткен элине 440 000 сом топтолду

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалдан көз жумгандардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт жана тез арада тынчтык орнойт деп үмүттөнөт.

16-сентябрда MegaCom Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жабыркаган жана Баткен облусунан эвакуацияланган мекендештерибизге жардам берүү үчүн MegaCom'дун терминалдары жана MegaPay тиркемеси аркылуу шашылыш каражат топтоо башталганын жарыялаган.

Компаниянын маалыматы боюнча, бир суткага жетпеген убакыт аралыгында Баткен элине кайдыгер карабаган калк тарабынан дээрлик 440 000 сом топтолду.

Анын ичинде:

  • MegaCom'дун Кожомкул атындагы спорт сарайына орнотулган терминалы аркылуу КРнын президентинин аппаратынын эсебине 131 кайрымдуулуктан 259 592 сом түшкөн;
  • MegaCom Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай менен биргеликте демилгелеген атайын эсепке MegaPay аркылуу 570 акча которуулардан 178 550 сом каражат түштү;
  • КРПАнын атайын эсебине MegaPay аркылуу 8 транзакция жүргүзүлүп, анын суммасы 1180 сомду түздү.

Кыргызстандыктарды жардамга муктаж болуп жаткандарга мындан ары да кол сунууга, тилектештикке жана мекенчилдикке чакырабыз. Сиз ыктыярдуу түрдө өзүңүз каалаган суммадагы каражатты MegaCom'дун Спорт сарайында орнотулган жана Бишкек шаарында коюлган бардык төлөм терминалдары же MegaPay тиркемеси аркылуу кайрымдуулук иретинде каражат которсоңуз болот.

MegaPay аркылуу каражатты кантип которуу керек?

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз (жүктөө үчүн Google Play же App Store'до жеткиликтүү);
  • биринчи жолу: Тиркеменин башкы бетинде жайгашкан «Баткеним менин» сервисин тандаңыз (же «Төлөм» бөлүмүнө кирип андан кийин «Кайрымдуулук» баскычын басып «Баткен үчүн каражат чогултуу. Кызыл жарым ай» кызматын тандайсыз);
  • экинчи жолу: Же «Төлөм» бөлүмүнө кирип, «Кайрымдуулук» баракчасына өтүп, «Баткен үчүн каражат чогултуу (Ыкчам штаб - КРПА атайын эсеби)» кызматын тандаңыз;        
  • керектүү реквизиттерди жана которо турган каражаттын суммасын жазуу
  • төлөмдү тастыктоо.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жаракат алган жарандардын батыраак айыгып кетишин каалайт жана калкты Баткен облусунун тургундарын оор учурда колдоого чакырат.

Баткен, биз сен менен биргебиз!

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы