Перейти на новый сайт

EDGE технологиясы эми Кыргызстанда

 

EDGE технологиясы эми Кыргызстанда!

MegaCom компаниясы жогорку ылдамдыкта маалымат жөнөтүүчү EDGE техгологиясын жайылтууну баштады.
 
MegaCom компаниясы абоненттерге Интернет, WAP жана MMS кызматтарын демейдегиден жогору ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берген жаңы EDGE технологиясын коммерциялык эксплуатацияга киргизди. EDGE технологиясында туташтыруу ылдамдыгы GPRS колдонгондон 3 эсе жогору келип, секундасына 236 килобитке чейин жетет.

Жаңы технологияны EDGE колдогон мобилдик телефондорун пайдаланган MegaCom компаниясынын абоненттери тиешелүү аймакта колдоно алышат. GPRS технологиясынын негизиндеги кызматтарды колдонгон абоненттерге жаңы технологияга өтүү тоскоолсуз болот, анткени уюлдук телефондор EDGE – ге автоматтык түрдө өтөт.

EDGE бар экенин текшерүү жөнөкөй. Интернет, WAP жана MMS кызматтарын колдонуу учурунда көнүмүш G тамгасынын ордуна E тамгасы чыгат.

EDGE технологиясы кошумча төлөмдөрдү талап кылбайт. Интернет жана WAP-ты колдонуу GPRS аркылуудагыдай эле төлөнөт. MMS кызматы маалымат үчүн стандарттык баада тарифтелет. EDGE – бул тарифтер өзгөрбөй эле кызматтардын жеткиликтүү бойдон калышы. Башкача айтканда, ошол эле акчага көбүрөөк артыкчылык.

MegaCom түйүнүндө EDGE технологиясы борбор калаада жана Чүй облусунун бир нече жеринде киргизилген. 2008-жылдын соңуна чейин Бишкекти жана Чүй облусун толук камтуу пландаштырылууда.

EDGE технологиясы тууралуу толук маалымат бул жерде


MegaCom: өз келечегиңди танда!

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»