Перейти на новый сайт
1,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктар MegaCom түйүнүнүн байланыш сапаты жакшыргандыгын сезишүүдө

1,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктар MegaCom түйүнүнүн байланыш сапаты жакшыргандыгын сезишүүдө

Түйүндүн көлөмү боюнча Кыргызстандагы №1 компания болуп саналган MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бүткүл өлкө боюнча инфраструктураны жакшыртуу салтын улантат. 2022-жылдын июнь айында, 1,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктар жашаган шаар жана айылдарда жүргүзүлгөн иштер MegaCom'дун байланыш сапатын жакшыртууга жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Балыкчы, Баткен, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Ош, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата, шаарларында жана Кажы-Сай шаар тибиндеги айылында, ошондой эле:

  • Баткен облусунун Ак-Суу, Жаңы-Айыл, Жеңиш, Көк-Тал, Борбордук айылдарында;
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Бирдик, Достук, Сары-Талаа, Төмөнкү-Арал айылдарында;
  • Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Сары-Ой, Чок-Тал айылдарында;
  • Нарын облусунун Казыбек, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында;
  • Ош облусунун Асанчек, Ачык-Суу, Жаңы-Ноокат, Кабык, Кароол, Кең-Жылга, Кызыл-Эшме, Мады, Мырза-Арык, Нариман, Он Эки-Бел, Орто-Арык, Присавай, Савай, Таш-Булак, Тельман, Фёдорово, Ынтымак айылдарында;
  • Чүй облусунун Военно-Антоновка, Вторая Пятилетка, Ленинское айылдарында базалык станцияларга жүргүзүлгөн модернизациялоо иштери 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетинин өсүүсүн шарттады.

Баткен, Бишкек, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Ош, Өзгөн шаарлары, Кызыл-Жар шаар тибиндеги айылы, ошондой эле:

  • Баткен облусунун Борбордук айылында;
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Бирдик, Достук, Могол-Коргон, Сары-Талаа, Төмөнкү-Арал айылдарында;
  • Ош облусунун Ак-Өргөө, Арал, Ачык-Суу, Бабашуулу, Баглан, Дөң-Маала, Каарман, Кабык, Кароол, Кең-Жылга, Кызыл-Эшме, Маданият, Мырза-Аке, Мырза-Арык, Нариман, Орто-Арык, Присавай, Таш-Булак, Тогуз-Булак, Ынтымак айылдарында;
  • Чүй облусунун Вторая Пятилетка айылында жайгашкан базалык станцияларды модернизациялонун арты менен, 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды.

4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Нарын облусунун Достук шаар тибиндеги айылына, ошондой эле Ак-Булуң, Ак-Талаа, Кайыңды жана Эмгек-Талаа айылдарына орнотулуп, муну менен катар, Ысык-Көл облусунун Каркыра айылына да 2G стандартындагы базалык станция коюлуп, ишке берилди.

Эске сала кетели, түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты каптоонун Интерактивдүү картасынын жардамы менен MegaCom'дун расмий сайтынан онлайн режимде алсаңыздар болот. Картанын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, ошондой эле, өлкө боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G-каптоо түйүнү тууралуу маалыматтарды алса болот.

Мындан тышкары, MegaCom'дун абоненттери *500 номерине чалып же +996 999 500 000 WhatsApp номери аркылуу, ошондой эле Telegram аркылуу да түйүндүн каптоосун жакшыртууну талап кылган аймактар боюнча билдирүүлөрүн калтыра алышат.

MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктары менен кабардар болуп туруңуздар! Биздин Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram баракчаларыбызга жазылыңыздар.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы