Перейти на новый сайт

MegaCom'дун балансын Россия Федерациясынан толуктоону жана КРнын банктарынын карталарына КОМИССИЯСЫЗ акча которууну кантип ишке ашырса болот?

MegaCom'дун балансын Россия Федерациясынан толуктоону жана КРнын банктарынын карталарына КОМИССИЯСЫЗ акча которууну кантип ишке ашырса болот?

Россиядан смартфон аркылуу MegaCom'дун балансын тез жана коопсуз толуктоо керек болуп жатабы? MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кардарларынын убактысын баалайт жана байланыш кызмат акылары үчүн чет өлкөдөн төлөм жүргүзүү процессин жөнөкөйлөтүүгө умтулат!

Мындан ары «СберБанк Онлайн» сервисинин Россия Федерациясындагы колдонуучулары MegaCom абоненттеринин балансын КОМИССИЯСЫЗ жана ЫҢГАЙЛУУ КУРС МЕНЕН толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат!

MEGACOM'дун БАЛАНСЫН РФдан ТОЛУКТОО ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ! БУЛ ҮЧҮН:

  • «СберБанк Онлайн» тиркемесин ачасыз;
  • картаңызды тандап, «Төлөө же которуу» баскычын басасыз;
  • «Төлөм жүргүзүү» бөлүмүнө кирип, «Мобилдик байланыш» баскычын тандаңыз;
  • операторлордун тизмесинен «MegaCom Киргизия» баскычын тандайсыз;
  • MegaCom абонентинин номерин ХХХхххххх форматында терип, төлөмдү тастыктайсыз.

Даяр! Кызмат үчүн алынуучу комиссия – 0 сом!

Которулган каражат телефондун балансына төлөм жүргүзгөн күндөгү валюта курсуна жараша, кыргыз сому менен тез келип түшөт.

Бир жолку транзакциянын эң төмөнкү суммасы – 20 рубль, максималдуу суммасы – 15 000 рубль.

Маанилүү! MegaCom'дун абоненттери, анын ичинде Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган абоненттер дагы MegaPay тиркемеси аркылуу телефондун балансынан КРнын банктарынын карталарын толуктоо жолу менен каражатты которуп алса болот же тиркеменин ичинен эле 700дөн ашуун товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзө алышат.

АКЧА КАРАЖАТЫН КРнын БАНК КАРТАЛАРЫНА MEGAPAY АРКЫЛУУ КАНТИП КОТОРСО БОЛОТ:

  • MegaPay тиркемесин ачыңыз (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Чыгаруу» баскычын басыңыз же «Төлөмдөр» бөлүмүнүн «Банк кызматтары» бөлүмүнө кириңиз;
  • тизмеден өзүңүзгө керектүү банкты тандап, картанын/эсеп картасынын номерин же карта байланган телефон номерди* териңиз;
  • тийиштүү сумманы жазып, транзакцияны тастыктаңыз.

* Телефон номери аркылуу улуттук «Элкарт» төлөм системасынын картасын, ошондой эле «Бакай Банк» ААКнын жана «Кыргызстан Коммерциялык банкы» ААКнын эсеп карталарын толуктаса болот.

MEGAPAY АРКЫЛУУ КРнын КАЙСЫ БАНКТАРЫНЫН КАРТАЛАРЫНА ЖАНА ЭСЕПТЕРИНЕ КАРАЖАТ КОТОРУУГА БОЛОТ?

  • «Айыл Банк» ААК;
  • «Бакай Банк» ААК;
  • «Кыргызстан Коммерциялык банкы» (MBANK);
  • «РСК Банк» ААК;
  • «ФинансКредитБанк» ААК;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы