Перейти на новый сайт

Кыргызстанда балык уулоого онлайн уруксатты кантип оңой жана тез алса болот?

Кыргызстанда балык уулоого онлайн уруксатты кантип оңой жана тез алса болот?

Балык уулоону сүйгөндөр үчүн жагымдуу кабар! Мындан ары балык уулоого уруксат берген электрондук билеттерди, карталарды MegaPay тиркемесинде онлайн буюртма берип, төлөп алса болот.

Сервис MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин астындагы «Түндүк» мамлекеттик мекемеси, КРнын Айыл-чарба министрлиги менен биргеликте өлкөнүн жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыгып, ишке ашырылды.

Балык уулоо үчүн электрондук документтерди алууга төмөнкүлөрдү аткаруу кажет:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • тиркемедеги «Төлөм» бөлүмүнө өтүп, андан кийин «Атайын кызматтарды» басуу;
  • «КРдеги балык уулоо» сервисин тандап жана «Билет салып алуу» баскычын басуу;
  • аты-жөнүңүздү жазыңыз;
  • балык уулоо үчүн билеттин же картанын түрүн тандоо (баасы тандалган электрондук документке карата автоматтык түрдө жазылып чыгарылат);
  • облусту, көлмөнү андан соң билеттин аракетте болуп баштоо датасын жазуу керек (документтин аракетте болуу мөөнөтүнүн аякташы автоматтык түрдө аныкталат);
  • андан кийин «Төлөмгө өтүү» баскычын басып, телефон номерди жазып, төлөмдү тастыктоо.

Даяр!

Даяр электрондук билеттерди же карталарды «Атайын кызматтар» – «КРдеги балык уулоо үчүн билеттер» – «Менин билеттерим» бөлүмүнөн табууга болот. Документ PDF форматында болгондуктан аны өз телефонуңузга көчүрүп алып, егерге көрсөтүүгө да мүмкүндүк бар. Ошондой эле электрондук билеттер жана карталар атайын QR-коддорду камтыйт, аны егерь сканерлеп документтин жасалма эместигин аныктай алат.

Кызмат үчүн комиссия 20 сом.

MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы