Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы Кыргызстандын келечектеги МЕГА-долбоорунун аймагын ыкчам интернет менен камсыздады

MegaCom компаниясы Кыргызстандын келечектеги МЕГА-долбоорунун аймагын ыкчам интернет менен камсыздады

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинде МЕГА-долбоордун курулушун баштоого салтанаттуу түрдө старт берди. Келечектеги ГЭСтин байланышты камсыздоо оорчулук жараткан бөлүктөрүндөгү жумушчуларды ылдам интернет менен камсыздоо үчүн MegaCom компаниясынын кызматкерлери тарабынан кыска убакыт ичинде ал аймакты сапаттуу интернет менен камсыздоо иштери бүткөрүлдү.

«Биздин компания мамлекеттик маанилүү долбоор болгон - Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу ийгиликтүү ишке ашат деп ишенет жана андагы курулушчулар, курулуштун башка процесстерине катышкан жумушчуларды жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш менен камсыздап, курулушка чоң салымын кошот. Биздин абоненттер MegaCom'ду колдоо менен сапаттуу мобилдик байланышка гана ээ болбостон, өлкөнүн өнүгүүсүнө да өз салымдарын кошушат», - деди MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, социалдык жоопкерчиликтеги компания катары, аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭСинин каскаддарынын ири гидроэлектрстанциялары курула турган аймакка ыкчамдык менен 2G/3G/4G LTE түйүндөрүнүн ишин камсыздаган заманбап базалык станцияны орнотту.

Муну менен катар эле MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору туруктуу түрдө Кыргызстан боюнча инфраструктураны модернизациялоону улантат. 2022-жылдын май айында жасалган техникалык жумуштар өлкөнүн бардык облустарында жана борбор шаарда 2G/3G/4G түйүндөрүнүн байланыш сапатын жана ал каптаган аймактардын кеңейишин камсыздады.

Базалык станцияларды модернизациялоо Баткен, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Нарын, Орловка, Ош жана Токмок шаарларында жүргүзүлүп, мобилдик телефондордогу интернет кызматтарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрдү. Төмөнкү айылдарда байланыштын жана мобилдик интернеттин (4G/LTE) сапаты жакшырды:

  • Баткен облусундагы Арка, Базар-Башы, Бүргөндү ПМК, Кайтпас, Кара-Токой, Согмент, Таян, Чарбак айылдарында,
  • Жалал-Абад облусундагы Сузакта;
  • Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев, Тоң;
  • Нарын облусундагы Большевик, Казыбек, Теңдик;
  • Ош облусундагы Андижан, Араван, Арал, Асанчек, Жакшылык, Жаңы-Кыштак, Жаңы-Кызыл-Суу, Коммунист, Кочубаев, Кукалапаш, Кызыл-Байрак, Лаглан, Пахтачы, Сүткор, Төлөйкөн, Тээке, Фурхат, Эрке-Кашка;
  • Талас облусундагы Жийде, Чоң-Капка;
  • Чүй облусундагы Ак-Жол, Александровка, Белек, Белый-Пикет, Бөрүлү, Жал, Жаңы-Алыш, Жетиген, Калтар, Камышановка, Кара-Дөбө, Кашка-Суу, Кеңеш, Комсомольское, Малиновка, Озерное, Биринчи Май, Плодовое, Тельман, Төш-Булак, Шалта айылдары жана Ак-Ордо калктуу конушунда.

Бишкек жана Ош шаарларында жана төмөнкү райондордо базалык станциялардын жакшыртылганынын эсебинен 3G түйүнүнүн сигналдары күчөтүлдү:

  • Баткен облусундагы Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунда;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районунда,
  • Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат райондорунда,
  • Чүй облусунун Москва, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондорунда.

MegaCom'дун 2G түйүндөрүнүн базалык станциялары Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Ош, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда модернизацияланды.

  • Баткен облусундагы Арка, Бел, Согмент, Таян, Чарбак, Чечме айылдары;
  • Жалал-Абад облусундагы Благовещенка, Сузак;
  • Ош облусундагы Алим-Төбө, Андижан, Арал, Асанчек, Ачы, Жаңы-Кызыл-Суу, Жаңы-Кыштак, Коммунист, Кочубаев, Кукалапаш, Кызыл-Байрак, Маданият, Пахтачи, Төлөйкөн, Фурхат;
  • Чүй облусундагы Ак-Жол, Кашка-Суу, Кеңеш, Комсомольское, Малиновка, Новопавловка, Озерное жана Ак-Ордо калктуу конушу.

Кошумча жабдыкты эксплуатациялоо менен MegaCom'дун төмөнкү айылдарда жашаган абоненттери 4G байланышына жетки алышты:

  • Баткен облусундагы Бел, Чечме;
  • Жалал-Абад облусундагы Аркит, Акдөбө;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң, Ой-Тал, Бар-Булак;
  • Ош облусунун Ачы;
  • Талас облусунун Арал, Наматбек, Сөгөт;
  • Чүй облусундагы Кызыл-Ой айылы.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Ош облусунун Ачы айылына жана Чүйдүн Кызыл-Ой айылына орнотулду.

Түйүн жайылтылган аймактар тууралуу маалыматтарды MegaCom'дун расмий сайтынан түйүн каптаган аймактар Интерактивдик картасынын жардамында онлайн-режимде алса болорун эске салабыз. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын жана 2G, 3G жана ыкчам 4G-түйүнүнүн сигналдарынын деңгээлин байкоого болот.

Мындан тышкары MegaCom'дун абоненттери кайсы калктуу аймактарда түйүндүн каптоо кубатын жакшыртуу боюнча каалоолору болсо *500 номери боюнча Байланыш-борборуна, +996 999 500 000 номери аркылуу WhatsApp же Telegram'дан билдирсе болот.

MegaCom компаниясынын соңку жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуздар! Биздин Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram'дагы баракчаларга катталыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы