Перейти на новый сайт

MegaPay тиркемесине Visa жана «Элкарт» карталарын байлап, товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүз

MegaPay тиркемесине Visa жана «Элкарт» карталарын байлап, товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүз

Заманбап санарип инструменттерди колдонуу менен онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүнү каалайсыңбы? Мындан ары, MegaPay тиркемесине Кыргыз Республикасынын банктары аркылуу эмиттелген Visa же «Элкарт» карталарын* байлап, алар менен 600дөн ашуун кызматтар жана сервистер үчүн төлөм аткара аласыздар.

Картаны MegaPay тиркемесине байлоо оңой жана жөнөкөй! Бул үчүн:

  • тиркемени Google Play же App Store'дон жүктөп же жаңылаңыз;
  • «Менин карталарым» бөлүмүнө кириңиз;
  • мындан соң, «Карта Visa» же «Карта Элкартты» тандаңыз;
  • банктык картанын керектүү маалыматтарын киргизип «Кошуу» баскычын басып тастыктаңыз;
  • сиздин картаңыз байланган телефон номериңизге жиберилген сыр сөздү киргизиңиз (сыр сөз жазылган SMS билдирүү Visa картасын байлаган абоненттерге гана барат);
  • картаны байлоону тастыктаңыз.

Даяр!

Visa жана «Элкарт» карталары менен төлөм аткаруунун комиссиясы төлөмдүн 1 пайызын түзөт (ПЦР-тест, Жол кыймылынын эрежелерин бузган үчүн айып пул төлөө ж.б.у.с. MegaPay тиркемесинин кардардык комиссиясы бар айрым кызматтар жана сервистердин комиссияларын кошпогондо).

Жаңы функционал абоненттерге MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон жүздөгөн сервистер жана кызматтар үчүн эсеп-карталары менен төлөм жүргүзүп, убакытты үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн түзөт.

* Visa же «Элкартты» туташтыруу үчүн картада интернет-төлөмдөр ачык болушу керек.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы