Перейти на новый сайт

«Банд’Эрос» тобу «555» командасынан жашоосун аябайт


«Банд’Эрос» тобу «555» командасынан жашоосун аябайт

Өткөн дем алышта Бишкектин борбордук аянтында белгилүү россиялык «Банд’Эрос» тобунун концертинде бизге кандай гана жыргал болгонун «Коламбия пикчерз» даана элестете албайт. Гламур музыкалык белекти борбор калаабызга MegaCom компаниясы түйүнгө миллионунчу абоненттин кошулушуна карата тартуулады.

3 жума мурун «555» командасына биринчи «миллионер» кошулуп, ага карата өткөрүлгөн бир катар майрамдык иш чаралардын кандайдыр бир логикалык соңу ушул феериялык шоу болду. Ал Кара-Суу районунда жашаган жөнөкөй фермер Махаммат Урунбаев болуп аныкталды. Салтанаттын себепкерисиз кандай майрам болмок эле? Компаниянын жетекчилигине сонун белек – Түштүк-Чыгы Азия өлкөлөрүнө жолдомого ыракматын айтканы, Махаммат атайы түнү менен Кара-Суудан Бишкекке жубайы, кичине уулу менен сапар тартып келиптир.

«Миллионердин» жубайы нукура чыгыш тарбиясындагы айым катары, мейманга куру кол келбей, сахнага розадан абдан чоң гүлчамбар менен чыгып, MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силичке ыраазычылыгын билдире тапшырды.

Шоу жана музыканы самаган элди баш сөз көпкө күттүргөн жок. Айта кетчү нерсе, Ала-Тоо аянты болуп көрбөгөндөй эл чогултту – MegaCom уюштурган майрамга 60000 ден ашууе көрүүчү чогулду! Россиялык меймандардын алдында мекенибиздин эң көрүнүктүү жылдыздары ырдашты. Музыкалык кечени жаш, таланттуу ырчы, жакында эле «Новая Волна» конкурсунда Алла Пугачеванын Алтын Жылдыз премиясын алып кайткан Омар ачты. Анын аркасынан өзүнүн куйкум сөздүү төкмөсү менен аянтка дүң сала «этникалык» рэпер Тата Улан чыкты. Талантын элге тартуулагандардан сырдуу жигит Мирбек Атабеков, кайталангыс скрипкачы Аида Баякова, «Wake up» командасынын балдары жана «Шаттыктын» тал чыбыктай буралган кыздар болушту. Бирок баарынан артык, ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн кылдарын черткен Ырыскелди Осмонкулов болду. Сезимдерди козгоп чын жүрөктөн чыккан мукам келген – жакшы көргөн адамдар менен эч качан ажырашпоо керектиги тууралуу ыры адамдардын көзүнө жаш толтурду.

Борбордун меймандары көрүүчүлөргө тез эле шатыра-шатман маанайды кайтарышты.

- Салам Бишкек! Барсыңарбы?! – деп «Банд’Эрос» музыканттары караңгы аянттагыларга кайрылышты. – Кимдин телефону болсо жандырып, өйдө көтөргүлөчү, концертке канча эл чогулганын билгибиз келет.

Жайдын караңгы түнү миңдеген жымыңдаган жылдыздар сыяктуу жарыкка толлгондо, концерттин баш каармандары ырын башташты. Ал жаш беш адам кандай гана ажарлуу, шайыр, өзүнө толук ишенген адамдар. Жүз пайызга толо ишин аткарышты. Өзгөчө фотообъективден даана байкалды, фокусту жакындата караганда маңдай тери куюлуп атканы көрүнүнүп турду.

- Жашоомду аябайм! – деп ырдашты алар. Баары алар көрүүчүлөрдү ыраазы кылуу үчүн жашоосун да, алы-күчүн да, эчтекесин аябарын түшүнүп, ишенип турушту.

Шоу эң бир кооз салюттун жаңы хиттин соңку саптары менен кошо атылышы менен аяктады. «Она хотела бы жить на Манхэттене, и с Дэми Мур делиться секретами. Но…» - кыз кыялы орундалбай калган себеби сыр бойдон калды, андай болсо да мейли! Концертти уюшутрган MegaCom компаниясынын урааны «Өз келечегиңди танда!» эмеспи. Ал баардык мїүкүнчүлүктөр- Манхэттендеги жашоо да, Деми Мур да, жомоктогудай ысык өлкөлөр, «дүйнө кереметтерине» кайталангыс экскурсиялар, байыркы салттарга бай Чыгыштын улуулугуна чөмүлүү колдо бар экенин айгинелейт. Эң башкысы – кереметке ишенүү, анткени ал күтпөгөн жерде бизди табышы мүмкүн. Мисалы MegaCom компаниясынын дилердик бөлүмүндө. Махаммат Урумбаев аны эң жакшы билет.

Бирок аны менен майрам түгөнгөн жок. «Биз 1000 000 буз!» деген жазуусу бар 400 кг торт атайы даярдалып, «Түштүк дарбаза» тараптагы паркка жеткирилген. Рекордсмен тортту ошол учурдагы парката эс алгандардын баары оостие алышты. Дегустаторлор суктанып бүтө алышпады. Жана ал түшүнүктүү, торт жєн эле чоң жана кооз эмес, ширин да болуптур. Промоутер кыздар катарга тизилген таттуукорлорго кремделген гиганттан кесип берүүгө эптеп үлгүрүп турушту. Кондитердик кереметти жеп көрүүнү каалагандар улам сайын көбөйүп отуруп, бир сааттан кийин миллионер-торт желип түгүндү. Ушундан улам, MegaCom компаниясы уюштурган майрам баарынын табитине жакты деп ишенебиз!

Иш чара болуп өткөн жерден фоторепортаж

 

555 командасы! Бардыгы-өз адамдар!



Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы