Перейти на новый сайт

Рамазан айына карата 30 түн акысыз SMS, чалуулар жана интернет

Рамазан айына карата 30 түн акысыз SMS, чалуулар жана интернет

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын жана Орозонун башталышы менен куттуктап, тынчтык, ынтымак жана бейпилдик каалайт. Ар бир үйгө жетиштүү турмуш орноп, айтылган тилектер орундалсын!

Рамазан айынын башталышына карата, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктар үчүн «Чектөөсүз түн» тарифтик опциясын акысыз жеткиликтүү кылат.

Опцияны кошуп алган абоненттер үчүн саат 00:00дөн баштап 08:00гө чейин жогорку ылдамдыктагы чектөөсүз интернет-трафик, ошондой эле түйүн ичинде акысыз SMS жана чалуулар жеткиликтүү болмокчу.

«Чектөөсүз түн» тарифтик опциясын мобилдик түзмөгүңүздөн *091*1# USSD-буйруусун терип же MEGA24 (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү) тиркемесинен кошуп алыңыз.

Акысыз мезгил бардык абоненттер үчүн 2022-жылдын 1-апрелинен 1-майга чейин жеткиликтүү болот. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин «Чектөөсүз түн» опциясынын стандарттык абоненттик төлөмүнүн наркы суткасына болгону 5 сомду түзмөкчү.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы