Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясына Кыргыз футболдук союзунун топ-демөөрчүсү макамы ыйгарылды

MegaCom компаниясына Кыргыз футболдук союзунун топ-демөөрчүсү макамы ыйгарылды

Кыргызстанда сергек жашоо образын жайылтуу жана дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору менен Кыргыз футболдук союзу демөөрчүлүк келишимине кол коюшту.

Документке кол коюу расмий иш-чарасы 2022-жылдын 28-мартында MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркуловдун жана аталган уюмдун президенти Медербек Сыдыковдун катышуусунда өттү.

Келишимдин шарттарына ылайык, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторуна Кыргыз футболдук союзунун артыкчылык укукка ээ топ-демөөрчү макамы ыйгарылды.

«Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын алдыдагы беттешүүлөргө жана мелдештерге катышуусуна салымыбызды кошууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, ишеним көрсөтүп жаткан Кыргыз футболдук союзунун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Байма-бай ишке ашырылып келе жаткан мындай колдоо көрсөтүүнү уюлдук оператордун корпоративдик стратегиясы, компаниянын баалуулуктарынын бири катары кароого болот. Биз эки тараптуу, пайдалуу, узак мөөнөттүү келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу футболчуларыбыздын жогорку көрсөткүчтөргө жетишине натыйжалуу кадам болот деп ишенебиз», − деп белгилей кетти «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов.

Өз кезегинде, Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков келишимге кол коюу Кыргызстандын улуттук курама командасына жакшы жардам экендигине токтоло кетти.

«MegaCom өлкөбүздүн спорт тармагын көз жаздымда калтырбай, анын ичинде футболдун өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошуп келе жатат. Элибиз маанилүү спорттук иш-чараларды мамлекеттик уюлдук байланыш оператор менен байланыштырып келишет. Эң күчтүү уюлдук жана спорттук эки бренд өлкөбүздүн аброюн бекемдөөдө биримдикте болгондугу кубандырат», – деп белгиледи Медербек Сыдыков.

Баарыбызга белгилүү болгондой, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору эл аралык деңгээлде өткөрүлүүчү ири иш-чараларда кыргыз спортчуларына колдоо көрсөтүп, башкы өнөктөш болуу менен, Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө бараандуу салымын кошуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы