Перейти на новый сайт

SIM-меню – маалымат жана көңүл ачуу дүйнөсүндөгү сиздин жол көрсөткүчүңүз


SIM-меню – маалымат жана көңүл ачуу дүйнөсүндөгү сиздин жол көрсөткүчүңүз


SIM-меню уюлдук байланыштын маалымат-көңүл ачуу кызматтарынын дүйнөсүндө сизидин ишенимдүү жол көрсөткүчүңүз болуп калышы мүмкүн. Бул колдонууда жөнөкөй жана ыңгайлуу жардамчы телефондун менюсунда жайгашкан. Анын жардамы менен сиз каалаган убакытта керектүү маалыматтарды алып, бош убактыңызды көңүлдүү өткөрүп, жаңы досторду таба аласыз.

SIM-меню – бул акысыз маалымат жана көңүл ачуучу сервистердин жыйындысы топтолгон SIM-картанын кошумча функциясы. SIM-менюнун жардамы менен номерди тербестен жеңил жана тез аранын ичинде MegaCom түйүнүнүн кызматтарын коштура аласыз (балансты текшерүү жана толуктоо, мобилдик интернетти коштуруу жана тууралоо, MegaCom түйүнүнүн сурап-билүү маалымат кызматына чалу ж.б.у.с.)

Жаңы кызматтын жардамы менен кинотеатрлардын күн тартибин, аба ырайын же гороскопту билсе болот. Обондорду жана сүрөттөрдү телефонго оңой эле көчүрүп, анектод окуп, же «Таанышуу» сервисинин жардамы менен жаңы теңтуш таап, ошондой эле башка көптөгөн сервистерден пайдаланса болот.

SIM-меню менен иштөө оңой эле: телефондун башкы менюсунан керектүү бөлүмдү таап, сервисти тандап сурам жөнөтүү керек. Бир нече секундадан кийин сигзе керектүү маалымат жазылган SMS-билдирүү келет. SIM-меню боюнча навигация акысыз, болгону маалыматтардын акыркы сурамы үчүн гана төлөнөт. Роумингде жүргөндө SIM-порталда маалымат издөө роумингде SMS-билдирүү жөнөтүүнүн наркына жараша төлөнөт. Акыркы маалыматты же контентти алуу үй түйүнүндөгү бааларга жараша тарифтелинет.

SIM-менюну колдонуу үчүн эски SIM-картаны жаңысына алмаштыруу керек. 18-августтан баштап MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөө борборлорунда эски SIM-картаны 50% арзандатуу менен алмаштырууга болот.

SIM-меню тууралуу толук маалымат бул жерде.

 


555 командасы. Бардыгы-өз адамдар!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»