Перейти на новый сайт
Optima Bank карталарын толуктоо: комиссия – 1%

Optima Bank карталарын толуктоо: комиссия – 1%

«Альфа Телеком» ЖАК (соода маркасы MegaCom) абоненттерине 2022-жылдын 15-февралынан тарта MegaPay тиркемесинде «Оптима Банк» ААКтын карталарын толуктоо кызматын көрсөтүүдө, которулуучу сумманын 1%ы өлчөмүндөгү комиссия киргизиле тургандыгын маалымдайт.

MegaPay аркылуу төмөнкү банктардын карталарын КОМИССИЯСЫЗ толуктоого болот:

  • «Айыл Банк» ААК;
  • «Бакай банк» ААК;
  • «Керемет Банк» ААК;
  • «Кыргызстан Коммерциялык банкы» ААК (MBank);
  • «РСК Банк» ААК;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК.

Төлөм жүргүзүү үчүн төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • Google Play’ден же App Store’дон MegaPay тиркемесин көчүрүп алыңыз же жаңылаңыз;
  • «Чыгарып алуу» баракчасын тандаңыз же «Төлөмдөр» – «Банк кызматтары» бөлүмүнө кириңиз;
  • тизмеден керектүү банкты тандап, картанын же карталык эсептин номерин терип, керектүү сумманы жазган соң транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр!

Колдонуучулар каржылык операцияларды өз смартфонунан эле 24/7 шарттамында ишке ашыра ала тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Картаны онлайн-толуктоо абоненттерди банк бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан куткарат. Акча каражаттарын которуу абдан кыска убакыттын ичинде аткарылып, транзакциялар боюнча чектер «Төлөмдөр тарыхында» сакталат.

MegaPayжашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы