Перейти на новый сайт

Кыргызстанда ЕАЭБде алгачкылардан болуп санариптик акциз киргизилүүдө

Кыргызстанда ЕАЭБде алгачкылардан болуп санариптик акциз киргизилүүдө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматы 2022-жылдын январь айынан баштап санариптик идентификациялоо каражаттарынын жардамы менен акциздик салыкты администрациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Биринчи этапта Салык кызматы «Альфа Телеком» ЖАК − Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен биргеликте, тамеки продукциялары үчүн, экинчи этапта алкоголдук продукциялар үчүн санариптик акцизди киргизүүнү эксперименталдык режимде ийгиликтүү ишке ашыра алды.

Мындай жаңычыл механизм Кыргыз Республикасынын аймагында жана Евразия экономикалык биримдигинде биринчи жолу киргизилип жаткандыгы маанилүү. Ал «Смарт Салым» улуттук долбоорун жайылтуунун алкагында акциздик салыкты башкарууну жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Мындан тышкары, санариптик акциз акциздик маркалануучу продукцияны өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө боло алат.

«Санариптик акциз» долбоорун ишке киргизүү – бул салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында Кыргыз Республикасында товарларга байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү боюнча масштабдуу иштердин бири.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы