Перейти на новый сайт
MegaCom - бизнес үчүн ККМ-онлайн программасын сунуштаган Кыргызстандагы алгачкы компания

MegaCom - бизнес үчүн ККМ-онлайн программасын сунуштаган Кыргызстандагы алгачкы компания

MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору тарабынан киргизилген MegaKassa программалык онлайн-ККМ кызматтары 2021-жылдын февраль айында ишке берилген жана аны уюлдук телефон, планшет, персоналдык компьютер же ноутбугу бар бардык кардарлар колдоно алышат.

MegaKassa функционалы колдонуучулардын ыңгайына жараша ар дайым жакшыртылып турат. Мисалы, MegaCom'дун онлайн-ККМсы «1С – Бухгалтерия», «R-Keeper», «Frontol» сыяктуу жана башка бухгалтердик эсептик системалар менен ийкемдүү иштейт. Ошондой эле жеке өздөрү иштеп чыккан бухгалтердик эсептик системаларды колдонгон кардарлар да MegaKassa менен кыска мөөнөттүн ичинде эле алака түзө алат.

Фискалдык кассалык чек принтерден басылып чыгарылып же сатып алуучуга WhatsApp, Telegram месенжерлери аркылуу же болбосо почтасына электрондук түрдө жиберилип, натыйжада ишкердин чыгымдары үнөмдөлөт.

MegaKassa азык-түлүк соодасын жүргүзгөн, ошондой эле товарлардын башка да топторун саткан дүкөндөрдө жана кызмат көрсөтүүдө да колдонулат.

MegaKassa онлайн-ККМ колдонгон ишкерлер төмөнкү артыкчылыктардан да пайдалана алышарын эскерте кетели:

  • жеткиликтүүлүк: кымбат баада турган ККМ аппаратын сатып алуунун кажети жок;
  • убакытты үнөмдөө: MegaKassa'га катталуу жана колдонуп баштоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына барбастан эле MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан ишке ашат;
  • ыңгайлуулук: эми кассалык китепти жүргүзүп убара тартуунун кереги жок, анткени бардык керектүү маалымат автоматтык түрдө MegaKassa'да сакталат;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистеги жеке кабинеттен көзөмөлдөп турууга болот;
  • офлайн-режим: ишкерлер интернет-байланышы жок болсо дагы соодасын жүргүзө алышат.

MegaKassa онлайн-ККМны кошуп алуу боюнча толук маалыматты +996(999)766667 телефон номери аркылуу байланышып билсеңиздер болот. Ошондой эле, кошуп алуу боюнча келишим түзүү жана программалык көзөмөл-касса машиналарын тейлөөнү MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан жүргүзө аласыздар.

Кызматты кошуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жана MegaKassa'га каттоо борборлорунун даректери менен MegaCom'дун расмий сайтынан таанышыңыздар.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы