Перейти на новый сайт
Муниципалдык мүлктүн ижара акысын MegaPay тиркемеси аркылуу төлөңүз

Муниципалдык мүлктүн ижара акысын MegaPay тиркемеси аркылуу төлөңүз

Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн, жана да накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү максатында MegaCom уюлдук оператору MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү улантууда. Мындан ары сервисте муниципалдык мүлктүн ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болуп калды. Эми банктын жакынкы бөлүмүнө баруунун же төлөм аткаруу үчүн терминал издөөнүн зарылчылыгы жок.

Бул үчүн:

  • тиркемени Google Play'ден же App Store'дон жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
  • «Төлөмдөр» бөлүмүнө кирип, ал жерден «Мамлекеттик төлөмдөр» баскычын тандаңыз. Андан соң «Муниципалдык мүлктүн ижара акысы үчүн төлөм» дегенди басыңыз;
  • реквизиттерди (ижарачынын аты-жөнүн), төлөнүүчү сумманы киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр!

MegaPay – жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы