Перейти на новый сайт
MegaPay тиркемеси аркылуу насыяларды төгүңүз

MegaPay тиркемеси аркылуу насыяларды төгүңүз

MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу телефондогу баланстын эсебинен Кыргызстандын коммерциялык банктарынан, майда насыя жана майда каржы компанияларынан алынган насыяларды төлөсө болот.

Акча каражаттары эң аз убакыттын ичинде которулуп, ал эми транзакция жүргүзүү боюнча чектер «Төлөмдөр тарыхында» сакталып калат.

MegaPay'деги КОМИССИЯСЫЗ насыяларын төлөй турган банктардын, майда насыя жана майда каржы компанияларынын тизмеси:

  • «Айыл Банк» ААК;
  • «Бакай Банк» ААК;
  • «Керемет Банк» ААК;
  • «Кыргызкоммерцбанк» ААК;
  • «РСК Банк» ААК;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК;
  • «Ай Кредит» МНК;
  • «Арыш Инвест» МНК;
  • «Байлык Финанс» МНК;
  • «БИР ТОП» МНК;
  • «Келечек» МНК;
  • «Райфайзен.кейджи» МНК;
  • «Универсал Кредит» МНК;
  • «АБН» МКК;
  • «ИНКОМ» МКК;
  • «Микро Капитал» МКК;
  • «Салым Финанс» МКК;
  • «Элет-Капитал» МКК.

Ошондой эле, MegaPay'де төмөнкү каржы уюмдарынын насыяларын төлөө мүмкүнчүлүгү бар:

  • «Банк Компаньон» ЖАК: комиссия – 1%;
  • «Кыргыз-Швейцар Банкы» ЖАК: комиссия – 1%;
  • «ФИНКА Банк» ЖАК: комиссия – 1 %;
  • «Банк Бай-Түшүм» ААК: комиссия – 1%;
  • «Дос-Кредобанк» ААК: комиссия – 5 сом;
  • «Кыргызстан Коммерциялык банкы» ААК: комиссия – 5 сом;
  • «Первая МикроФинансовая Компания» – 10 сом.

Насыяларды төлөө үчүн:

  • MegaPay тиркемесин Google Play же App Store'дон жүктөп же жаңылаңыз;
  • «Төлөм» бетин ачып, «Насыяларды төгүү (Банктар)» же «Насыяларды төгүү (МНК)» бөлүмүнө кириңиз;
  • тизмеден керектүү банкты тандаңыз, жеке эсепти киргизип, тийиштүү сумманы жазып, транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр!

MegaPay түзгөн санарип мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, телефондун балансынан насыяларды төгүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы