Перейти на новый сайт
MegaKassa ККМ кызматы үчүн MegaPay аркылуу онлайн жана комиссиясыз төлөңүз

MegaKassa ККМ кызматы үчүн MegaPay аркылуу онлайн жана комиссиясыз төлөңүз

Достор! Эми MegaKassa программалык көзөмөл-касса машинасынын (ПККМ) кызматы үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу комиссиясыз жана бир нече баскычтарды басып эле акча төлөп койсо болот.

Мунун жолу кандай?

  • MegaPay мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • башкы менюдан «Төлөм» бөлүмүнө кириңиз, андан соң, «Жана башкалар» баскычын тандаңыз;
  • MegaKassa бөлүмүнө өздүк эсебиңизди жана төлөмдүн суммасын жазып, транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр! Кызмат үчүн комиссиянын наркы – 0 сом!

Эскерте кетели, 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып, 2022-жылдын 31-декабрына чейин MegaKassa программалык ККМ колдонуучулары үчүн абоненттик төлөмдү арзандатуу менен төлөө акциясы аракетте болот. Программалык камсыздоону колдонуу үчүн тарифтик пландар менен шилтеме аркылуу кирип тааныша аласыздар.

MegaKassa – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн-режимде берүүгө шартталган, салык режимдерин жөнөкөйлөтүүчү ыңгайлуу инструмент. Сервис товарларды сатуу жана сатып алуу, ошондой эле, көрсөткөн кызматтар үчүн акча эсеп-кысаптарын фискалдык кассалык чек менен жүргүзгөн ишкерлерге ылайыкталган.

MegaKassa онлайн ККМ колдонуунун артыкчылыктары эмнеде?

  • жеткиликтүүлүк: кымбат баалуу ККМ аппаратын сатып алуу зарылчылыгы жок;
  • убакытты үнөмдөө: катталуу жана ишке киргизүү MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда ишке ашат, муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына баруу зарылчылыгы жоюлат;
  • ыңгайлуулук: бардык маалыматтар автоматтык түрдө MegaKassa'да сакталгандыктан, кассалык китепти жүргүзүп убара тартуунун кереги жок;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистин жеке кабинетинен көзөмөлдөп турууга мүмкүн;
  • автономдуулук: интернет-байланыш жок шартта деле соода иштерин 24 саатка чейин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы