Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) абоненттерине 2021-жылдын 13-октябрынан тартып «Түйүн ичинде SMS топтомдору» жана «Түйүн ичиндеги мүнөттөр топтомдору» тарифтик опциялары жоюла тургандыгын маалымдайт. 2021-жылдын 13-сентябрынан баштап топтомдорду кошуу жабылат жана топтомдорду узартуу токтотулат.

2021-жылдын 13-сентябрына чейин (13-сентябрь кошулуп) опциянын алкагында кошулган SMS жана мүнөттөр топтомдору абоненттерге толук көлөмдө алардын аракет мөөнөтү аяктаганга чейин кызмат көрсөтүлөт.

Мындан тышкары 2021-жылдын 13-сентябрынан баштап «Бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому» тарифтик опциясынын шарттарына төмөнкү өзгөрүүлөр киргизиле турганын маалымдайбыз:

  • «Бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому» тарифтик опциясын 7 календардык күн аракет мөөнөтү менен бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому тарифтик опциясын кошуу (жаңылоо) 7 календардык күн аракет мөөнөтү менен тарифтик пландар топтому менен тейленип жаткан абоненттерге гана жеткиликтүү болот;
  • «Бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому» тарифтик опциясын 28 календардык күн аракет мөөнөтү менен бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому тарифтик опциясын кошуу (жаңылоо) 28 же 30 календардык күн аракет мөөнөтү менен тарифтик пландар топтому менен тейленип жаткан абоненттерге гана жеткиликтүү болот.

«Бардык түйүндөргө мүнөттөр топтому» тарифтик опциясынын башка бардык шарттары өзгөрүүсүз калат.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы