Перейти на новый сайт
Өткөрүп жибербеңиз! 31-август – «Бактылуу ачкыч» акциясынын салтанаттуу финалы

Өткөрүп жибербеңиз! 31-август – «Бактылуу ачкыч» акциясынын салтанаттуу финалы

Достор, MegaCom байланыш оператору жана CAPSTROYKG курулуш компаниясы биргеликте уюштурган «Бактылуу ачкыч» акциясынын көптөн күткөн финалына саналуу гана күндөр калды. Аз убакыттан кийин биз башкы байге - Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Ак-Марал 2» турак-жай комплексиндеги эки бөлмөлүү батирдин бактылуу ээси ким болоруна күбө болобуз.

Бул бактылуу көз ирмемди биз менен бөлүшүү үчүн бардык каалоочуларды чакырабыз! 2020-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 31-июлуна чейин MegaCom номерлеринин балансын туруктуу толуктап жана викторинага катышып келген абоненттердин арасында ойнотулган лотереянын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына дал келип, 2021-жылы 31-августта «Ден соолук» сейил багында майрамдык салтанат менен чыгарылат.

Сиздерди Кыргызстандын популярдуу жылдыздары катышкан жана аты чыккан алып баруучулар жетектеген кызыктуу шоу, ошондой эле уюштуруучулар тарабынан байге, белектер күтөт. Кеченин кульминациясы «Бактылуу ачкыч» акциясынын жеңүүчүсүн жарыялоо болмокчу!

Иш чара бардык санитардык-эпидемиологиялык тартиптерди сактоо менен өткөрүлөт.

Сиздерди күтөбүз! Концерт саат 18:00дө башталат.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы