Перейти на новый сайт
Вакцинациядан өтүп MegaCom’дон 10 ГБ интернетти белекке алыңыз

Вакцинациядан өтүп MegaCom’дон 10 ГБ интернетти белекке алыңыз

Улуттук «Кыргызстан – жашыл зона» демилгесинин алкагында MegaCom компаниясы эмдөөнүн жок дегенде биринчи дозасын алган абоненттерине бонус - 10 ГБ интернет* алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Бул лоялдуулук программасы «Альфа Телеком» ЖАК жана КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан калкты эмдөөдөн өтүүгө шыктандыруу максатында ишке ашырылууда.

Бонуска ээ болуу үчүн жөнөкөй үч кадамды аткаруу зарыл:

  • Кыргызстандын аймагында жайгашкан каалаган эмдөө пунктунан COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алыңыз;
  • MegaPay мобилдик тиркемесин жаңылаңыз (Google Play жана App Store’до жеткиликтүү) жана онлайн-идентификациянын жөнөкөй процедурасынан өтүңүз;
  • «Кызматтар» бөлүмүн ачыңыз, андан кийин - «Тастыктама/QR-өткөрмө» жана инструкцияны аткарыңыз.

Бул бөлүмдө сиз вакцинация тууралуу тастыктаманы көчүрүп ала аласыз же QR-өткөрмөнү колдоно аласыз. Тастыктамада вакциналардын аталыштары жөнүндө толук маалыматтар жана анын компоненттери тууралуу камтылган.

MegaPay’дин заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз, өзүңүзгө кам көрүп, ден соолукта болуңуз!

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жарандарды эмдөөдөн өтүүгө жана беткап тагынууга чакырат. Биргелешкен аракет менен биз COVID-каатчылыгын биргеликте жеңип Кыргызстандагы бардык аймактарды коопсуз жашыл зонага киргизебиз.

* КРнын резиденттери үчүн гана.

** 10 ГБ көлөмдөгү интернет-топтом 2021-жылдын 13-августунан 30-сентябрына чейин (30-сентябрь кошулуп) КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакцина алгандыгыңызды тастыктаган соң дароо жети күнгө бир ирет кошулат. 1-октябрдан тартып бериле турган бонустун көлөмү 5 ГБ өлчөмүндө болот. Акциянын аракет мөөнөтү чектелген.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы