Перейти на новый сайт

Заманбап исскуствонун төртүнчү Бишкектик эларалык көргөзмөсү



Заманбап исскуствонун төртүнчү Бишкектик эларалык көргөзмөсү

MegaCom компаниясы Бишкеке шаарында 23-сентябрда башталган жана 2008-жылдын 7-октябрына чейин улануучу Заманбап искусствосунун төртүнчү эларалык көргөзмөсүнө демөөрчү болуп чыкты. Көргөзмө Г. Айтиев атындагы сүрөт искуссвто музейинде, Ала-Тоо аянтынын астында болуп өттү.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары – “ArtEast” коомдук бирикмеси иш-чараны уюшутуруп жатып, КМШ, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрүнүн көп сандаган табыштамаларын карап чыгып, 50 эң мыкты сүрөтчүсүн тандап алышты.

Көргөзмөгө чыгарылган сүрөттөр региодун архитектуралык чөйрөсүнүн көп кырдуу көйгөйлөрүн чагылдырат. Мурунку СССР жана Борбордук Азиянын ири шаарларында начар турмушка болгон арыздануу көп болгонуна карабастан, курулуш иштери ылдамдык менен жүргүзүлүп жатканы жашыруун сыр деле эмес. Курулушка эбегейсиз зор эмгек күчтөрү, материалдык ресурстар жана акжа каражаттары салынып жатат. Бирок азыр ар бир шаардын көйгөйүн системалык түрдө караштырып, адистерди тартып иштетүү, жаңы ойлорду ишке ашыруу керектиги көрүнүп турат. Ошондуктан ушул көргөзмөнүн аталышы да жөнөнкөй «BOOM-BOOM».

Сүрөтчүлөр жана дизайнерлер койгон негизги маселелер: аймактагы маданий кырдаалга таасирин тийгизген биздин «кем» жактарыбызды толуктап, кокусунан жасалган чыгармачыл табылгаларды туруктуу көркөм көрүнүшкө айлантууга мүмкүнбү.

Г. Айтив атындагы көркөм музейдеги көрсөтмөдөн тышкары долбоор алкагында Ала-Тоо аянтынын алдында эларалык конференция да өткөрүлмөкчү. Ал конференцияга жаш дизайнер жана сүрөтчүлөр катышып, тамыры африкалык уруулардын ыр чыгармачылыгына чумкуган голландиялык «Касколенд» тобунун концерти күтүлмөкчү.

Иш-чара болуп өткөн жерден фоторепортаж


555 командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    Опция «Пауза»