Перейти на новый сайт

Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо долбоорун ишке киргизгендиги үчүн «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна ыраазычылык билдирди

Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо долбоорун ишке киргизгендиги үчүн «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Кыргызстанда тамеки жана алкоголдук продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттарынын жардамы маркалоону ишке киргизип, Товарларды маркалоонун улуттук системасын 2021-жылдын 1-июлунан тартып ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн «Альфа Телеком» ЖАКтын (соода маркасы MegaCom) IT-адистерине ыраазычылык билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, товарларды маркалоо салык процедураларын фискализациялоо боюнча «Смарт Салым» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Товарларды маркалоо маалыматтык системасы керектөөчүлөрдү аткезчилик (жасалма) продукцияларынан коргоп, алар пайдаланып жаткан товардын тийиштүү сапатын камсыздоодо прогрессивдүү жана инновациялык ыкма болуп саналат.

Адилет Дубанаев белгилегендей, товарларды маркалоо Евразия Экономикалык Биримдигинде кызматташууну интеграциялоо жана аны тереңдетүүнүн башкы багыттарынын бири болуп саналат жана аны ишке ашырууга Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. MegaCom’дун квалификациялуу IT-адистеринин талыкпаган аракеттеринен улам мындай ири масштабдагы маалыматтык системаны модернизациялоо, аны калыпка салуу мүмкүнчүлүктөрү жаралды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын январь айынан тартып Кыргызстанда бут кийимдерди маркалоо ишке кирсе, ушул эле жылдын май айында жеңил өнөр жайдын Россия Федерациясынын аймагына экспорттолгон айрым товарларын маркалоо ишке ашырылды.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы