MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) учурдагы жана жаңы кошулган абоненттер үчүн дагы «Интернет» тарифтер түркүмүнүн алкагындагы «Интернет 7 Аймактык» жана «Интернет Аймактык» топтомдоруна өтүү 2021-жылдын 21-июлунан баштап жабыла тургандыгын маалымдайт.
Аталган топтомдорго 21.07.2021-ж. чейин кошулган абоненттер компаниянын башка тарифтерине өтүп же болбосо топтомду өз алдынча өчүргөнгө чейин анын шарттарынан колдонууну уланта беришмекчи.