Перейти на новый сайт
MegaKassa жана «1С» - бизнес үчүн ыңгайлуу кызмат көрсөтүү

MegaKassa жана «1С» - бизнес үчүн ыңгайлуу кызмат көрсөтүү

2021-жылдын 1-июль күнү MegaKassa сервисинин «Чечим - Neo Fiscal Driver» жана «1С: Ишкана 8 – Кыргызстан үчүн чекене» интеграция жана тестирлөө боюнча иштери жыйынтыкталды.

«1С: Ишкана 8 – Кыргызстан үчүн чекене» эми түзмө-түз MegaKassa драйверин башкарып жана төмөнкү операцияларды жүргүзө алат:

  • сатуу;
  • төлөмдүү кабыл алуу;
  • сатып алууну кайтаруу;
  • төлөмдү кайтаруу.

Бул чечим типтүү бизнес-процесстерди автоматизациялоого багытталган – ага өз алдынча дагы, соода түйүндөрүнүн бөлүштүрүлгөн чекене тармагы дагы (дүкөндөр) киргизилген. Ал азык-түлүк саткан дүкөндөрдө, ошондой эле башка товарлар менен соода жүргүзгөн жайларда да колдонулат. Зарыл учурда бул чечим дүкөндүн ишмердүүлүгүнүн тигил же бул технологиясына ылайыкталып түзүлөт.

«1С: Ишкана 8 – Кыргызстан үчүн чекене» жаңы функционалы «1С» коштоосуна аракеттеги келишим болгон учурда жеткиликтүү, анын алкагында сиз бул механизмди камтыган функционалды жаңылай аласыз (жаңылоо үчүн 2.3.5.36 версиялары жеткиликтүү).

Драйверге кошулуу жана жаңылоо боюнча инструкцияларды алуу үчүн «1С» фирмасынын Кыргызстандагы расмий дистрибьютору – «1С – Като Экономикс» ЖЧКсына же болбосо «1Снын» сизди тейлеген өнөктөшүнө кайрылуу керек.

Эске салсак, MegaKassa онлайн-ККМди колдонууда ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

  • жеткиликтүүлүк: кымбат-баалуу ККМ аппаратын сатып алуу зарылчылыгы жок болот. Себеби, MegaKassa мобилдик телефондордо, планшеттерде, персоналдык компьютерлерде иштейт жана кардарлардын эсептик системи менен түз интеграцияланат;
  • убакыт үнөмдөлөт: MegaKassa’га катталуу жана аны ишке киргизүү MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт, ага ылайык, КРнын Салык кызматына улам-улам баруу зарылчылыгы жоюлат;
  • ыңгайлуулук: мындан ары күн сайынкы кассалык китепчени жүргүзүү убарагерчилигин тартпасаңыз болот, себеби, бардык маалыматтар дароо MegaKassa’да сакталып калат;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистин жеке кабинетинде карап турса болот;
  • тобокелчиликтин минималдуулугу: ишкерлер интернет-байланыш жок учурда деле соода жүргүзө алышат.

MegaKassa онлайн-ККМ’ге кошулуу үчүн MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлоруна прораммаланган Көзөмөл-кассалык машинанын тейлөөсүнө кошулуу үчүн консультация алуу максатында кайрылыңыз.

Кызматка кошулуу үчүн керектүү документтердин тизмеси, MegaKassa’га катталуу Борборлорунун даректери менен MegaCom компаниясынын расмий сайтынан кененирээк таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы